Назарбаев Университетине (Казакстан) арыздар кабыл алынат — 2026-2027-окуу жылы, жаз семестри


  • 2026-08-11

Университетибиз менен Назарбаев Университети (Казакстан) арасындагы алмашуу макулдашуусунун алкагында, 2026-2027-окуу жылынын жаз семестрине арыздар кабыл алынат.

2027-жылдын жаз семестринин узактыгы:
2027-жылдын 11-январы – 6-майы

Арыз бере ала турган бөлүмдөр:

  • Котормо иши бөлүмү (Кыргыз-Англис программасы)
  • Англис тили жана адабияты бөлүмү
  • Эл аралык мамилелер бөлүмү
  • Экономика бөлүмү
  • Экономика бөлүмү (Финансы жана банк иши)
  • Биология бөлүмү
  • Математика бөлүмү
  • Колдонмо математика жана информатика
  • Компьютердик инженерия

Арыз берүү үчүн талап кылынган документтер:

  1. CV (өмүр баян)
  2. Паспорттун көчүрмөсү
  3. Виза үчүн колдоо каты формасы (Visa Invitation Support Application Form)
  4. Ниет каты (Statement of Purpose)
  5. Расмий транскрипт
  6. Сунуш каты (Recommendation Letter)
  7. Англис тил деңгээли жөнүндө сертификат (кеминде B2 деңгээли)

Орточо балл (GPA) 3.00-дон кем болбошу керек.

Документтер Эл аралык мамилелер бөлүмүнө өз колу менен тапшырылышы керек (Коммуникация факультети, 1-кабат, A-105-бөлмө).

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 18-сентябры

2026-2027-окуу жылынын күз семестринин сабактар тизмеси азырынча жарыяланган жок. Багыт үчүн 2026-жылдын жаз семестринин тизмесин карай аласыз.https://registrar.nu.edu.kz/course-schedules

Кошумча материалдар:

Кошумча маалымат:

    Социалдык медиада бөлүшүү