Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттик жатаканаларынын B жана C блокторунда жүргүзүлүп жаткан кеңири жаңылоо иштерине, ошондой эле 2026-жылдын 1-сентябры расмий эс алуу күнү экендигине жана 2026-жылдын 2–11-сентябрь күндөрү сабактар онлайн форматта өткөрүлө тургандыгына байланыштуу, буга чейин 2026-жылдын 1-сентябры деп жарыяланган жатаканага кабыл алуу күнү 2026-жылдын 11-сентябрына жылдырылды.
Студенттерибизден жатаканага кабыл алуу иштерине байланыштуу жаңы белгиленген күндү эске алуулары өтүнөбүз.
Студенттик жатаканалар башкармалыгы