Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Мажарстандын борбору Будапештте Юнус Эмре институтунун Будапешттеги координатору Асым Өксүз менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Юнус Эмре институтунун ортосунда билим берүү, маданият жана искусство тармактарында өнүктүрүлө турган кызматташуу маселелери каралды. Түрк тилин жана маданиятын жайылтууга багытталган иш-чаралар менен бирге, жаштарга жана студенттерге арналган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду.
Ошондой эле Мажарстандагы студенттердин Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен жакындан таанышуусуна өбөлгө түзө турган иштер бааланды. Окуучуларга университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык студенттик курамы тууралуу маалымат берүү, жогорку билим алууну тандоодо «Манас» университетин таанытуу жана бул багытта багыт берүү кызматтарын өнүктүрүү маселелерине басым жасалды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университети Кыргызстан менен Турциянын ортосунда гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү менен ар кайсы аймактардын ортосунда да билим жана маданият көпүрөсү катары кызмат кыларын белгиледи. Жейлан Юнус Эмре институту сыяктуу эл аралык деңгээлде иш алып барган мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүү бул миссияны чыңдоого олуттуу салымын кошорун билдирди.
Мындан сырткары, жолугушууда өз ара сапарларды көбөйтүү, биргелешкен маданий жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле Мажарстандагы жаштардын «Манас» университети тууралуу маалыматтандырууну жогорулатуу маселелери талкууланды.