КТМУда биринчи курстун студенттери үчүн багыт берүү программасы башталды


  • 2026-09-15

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) 2026–2027-академиялык жылында университеттик жашоонун алгачкы кадамын таштаган студенттер үчүн даярдалган багыт берүү программасы башталды. Үч модулдан турган программанын биринчи күнүндө студенттерге университеттин академиялык ишмердүүлүгү, санариптик системалары, академиялык чынчылдык принциптери, билим алуу ресурстары жана окутуучулар менен болгон байланыш тууралуу маалымат берилди. Программада ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу да негизги темалардын бири болду.

15-сентябрь, шейшемби күнү башталган программа КТМУнун Конгресс жана маданият борборунда эртең менен жана түшкү болуп эки сессияда өттү. Университеттин ар кайсы факультеттеринде окуусун баштаган, биринчи курстун студенттери катышкан бул программа жаңы студенттердин академиялык жана социалдык турмушка аң-сезимдүү, даяр болуп, ишенимдүү кадам таштоосун максат кылат.

Программанын ачылыш бөлүмүнөн кийин биринчи күн «Студенттик жашоо менен таанышам» темасы менен улантылды. Студенттерге университеттик жашоонун алгачкы күндөрүнөн тартып керек болуучу негизги маалыматтар жана көндүмдөр тиешелүү академиялык жана административдик түзүмдөр тарабынан жеткирилди.

Ректор Жейлан: «Манастагы университеттик жашоо — өзүңүздү жана келечегиңизди ача турган жаңы саякат»

Багыт берүү программасынын алкагында жаңы студенттерди куттуктаган КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттик билим алуу бир гана сабактардан жана сынактардан турбасына токтолуп, студенттер “Манаста” ар тараптуу өнүгүү чөйрөсүнө кадам таштаганын баса белгиледи.

КТМУнун «миссия университети» экенин айткан Жейлан студенттер билим алуу менен бирге өздөрүн, максаттарын жана келечегин таразалай турган процесске туш болорун билдирди. КТМУ студенттери ийгиликтүү, эмгекчил жана чынчыл инсан катары таанылаарын белгилеп, студенттер университетке өз эмгеги менен кабыл алынарын айтты. Жейлан: “Манас” университетинин студенти адептүү», — деп, студенттер келечектин маанилүү өкүлдөрү экенин билдирип, төмөнкү кайрылууну жасады:

"Манас” үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү катары жашооңуздагы маанилүү мезгилин баштап жатасыздар. Бул жерде ала турган билим эле эмес, кура турган достук, ар кандай маданияттар менен түзө турган байланыштар жана өз мойнуңузга ала турган жоопкерчиликтер да келечегиңизди калыптандырат. Университетибиз сунуштаган академиялык, маданий жана социалдык мүмкүнчүлүктөрдү болушунча натыйжалуу пайдаланууңузду; изденген, жараткан жана өз коомуна салым кошуучу жаштардан болуп жетилишиңиздерди каалайбыз. Манастын эшиги, мүмкүнчүлүктөрү жана академиялык тажрыйбасы сиздер үчүн ачык. Баарыңыздарга ийгиликтүү университеттик жашоо каалайм».

Студенттерге эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүгү

КТМУ студенттерге эл аралык деңгээлдеги билим алуу мүмкүнчүлүгүн берерин белгилеген Жейлан Кыргызстандан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн келген окутуучулар студенттердин билимине салым кошуп жатканын айтты.

Университет өнүгүүсүн улантып жатканын, Медицина факультети жаңы студенттер менен кеңейип жатканын айткан Жейлан жаңы ачылган Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө окуй турган студенттер да Кыргызстандын маданияты, адабияты, искусствосу жана бюрократия тармагына салым кошо турган муунду тарбиялоого көмөктөшөрүн билдирди.

Жейлан ошондой эле түркчө-кыргызча 75 миң сөздүк эмгектин аяктаганын жана фразеологиялык сөздүк да даярдалып жатканын, бул эмгектер жыл аягына чейин басылып чыгышы пландалып жатканын кабарлады. Бул эмгектер Кыргыз тили менен адабиятына жана кыргыз маданиятына университет тарабынан кошулган чоң салымдардын бири болуп саналат.

«Биздин башкы максатыбыз — сиздердин бейпилдигиңиздер жана комфортуңуздар»

Студенттердин кампус жашоосуна да токтолгон Жейлан университет студенттердин бейпил жана ишенимдүү түрдө билим алуусу үчүн аракеттерин улантып жатканын айтты.

Студенттик жатаканалардагы жакшыртууларга токтолуп, 1000 орундуу жаңы кыздар жатаканасынын курулушу башталганын жана кийинки жылы пайдаланууга берилери пландалып жатканын билдирди.

Студенттердин тамак акысы узак убакыттан бери жогорулатылбаганын жана университет студенттердин муктаждыктарын колдоо максатында кийим-кече дүкөнү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатканын айткан Жейлан: «Булардын бардыгы менен сиздердин ийгилигиңиздерге тоскоол болгон жолдогу таштарды тазалагыбыз келет, урматтуу жаштар», — деди. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан университет жетекчилиги жана академиялык курам студенттердин тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн иштеп жатканын айтып, жаңы студенттерге ийгиликтүү билим алуу каалады.

Биринчи проректор Ибраев: «Манастын эң чоң байлыгы — орток баалуулуктардын айланасында чогулган студенттери»

КТМУ биринчи проректору, доцент Алмаз Ибраев КТМУ Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бекем байланыштарды билим берүү тармагындагы маанилүү мекемелеринин бири экенин белгиледи.

Кыргызстандагы 82 жогорку окуу жайда 250 миңге чукул студент жаңы окуу жылын баштаганын айткан Ибраев «Манас» университетинин эл аралык түзүмүнө көңүл бурду.

«Манас» университетинде студент болуу сыймык гана эмес, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик экенин билдирген Ибраев студенттер өздөрүнө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдүн кадырын билип, билим алуу процессиндеги жоопкерчиликтерин эң жогорку деңгээлде аткарышы керектигин айтты.

Ибраев технологиялык өнүгүүлөр маалымат жеткирүүнү жеңилдеткенин белгилеп, студенттер азыркы заман сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү болушунча натыйжалуу пайдаланып, өздөрүн өстүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Студенттердин университеттик жашоого жигердүү катышуусунун маанисине токтолуп, Ибраев төмөнкүлөрдү айтты: «Манас» университети — ар кайсы шаарлардан жана өлкөлөрдөн келген жаштар орток академиялык маданиятта жолуккан өзгөчө университет. Бул жерде сиздерден сабактарга катышуудан сырткары изилдеп, суроо салып, университетиңиздердин мүмкүнчүлүктөрүн ачып, кампус турмушунун активдүү мүчөсү болушуңуздарды күтөбүз. Бири-бириңиздерден үйрөнүп, айырмачылыктарды таанып, орток баалуулуктардын айланасында биргеликте жаратасыздар. Университетибизде өткөрө турган жылдарыңыздар сиздерге кесиптик билим менен бирге бекем маданий жана инсандык тажрыйба топтоого өбөлгө түзөрүнө ишенем».

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жаңы студенттерге тааныштырылды

Багыт берүү программанын көңүл бурган темаларынын бири Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу болду.

Коммуникация факультетинин окутуучусу, доц., др. Гулзада Станалиева «Көөнө тарыхтан келечекке: Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктик» деген темада презентация жасап, уңгужолдуне негизги багыттары жана максаттары тууралуу студенттерге маалымат берди.

Станалиева уңгужолдо орун алган улуттук аң-сезим, тарых жана маданиятты таануу, билим, илим, коомдук жоопкерчилик жана азыркы дүйнө менен жуурулушуу сыяктуу маанилүү темаларды студенттик көз караштан карап чыкты. Презентацияда жаштар өз тарыхый жана маданий баалуулуктарын таануу менен бирге илимий ой жүгүртүүгө, инновацияларга жана глобалдык өзгөрүүлөргө ачык инсан катары жетилишинин маанилүүлүгүнө токтолду. Муну менен жаңы студенттерге Кыргызстандын келечекке багытталган коомдук көз карашы жана бул процессте университет жаштарына жүктөлгөн жоопкерчилик тууралуу түшүнүк берүү максатталган.

Биринчи күндүн башкы темасы академиялык турмушка бекем кадам таштоо болду

Программанын биринчи күнүндө студенттер университеттеги академиялык процесстерди туура түшүнүп, күнүмдүк жашоого колдонула турган системалар менен таанышуусу үчүн бири-бири менен байланыштуу темалар каралды.

Маалыматтык технологиялар башкармалыгы тарабынан киберкоопсуздук, корпоративдик электрондук почтаны колдонуу жана Eduroam зымсыз интернет тармагы тууралуу маалымат берилди. Студенттерге санариптик инсандыкты коопсуз пайдалануу, университеттин онлайн кызматтарына кирүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча негизги эрежелер түшүндүрүлдү.

Маалыматтык технологиялар башкармалыгынан Жумагүл Нуракун кызы «Киберкоопсуздук, корпоративдик электрондук почтаны колдонуу жана Eduroam зымсыз интернетке кирүү»; Студенттик иштер башкармалыгынан Муратбек Сардарбеков «Бүтүрүүчү болгонго чейин сынактарда жана окууда ийгилик жаратуу системасы кандай иштейт?»; Инженердик факультеттен доц.мил.атк. Абдулкадир Шекер «Академиялык чынчылдык: Плагиаттык жана жасалма интеллектти туура колдонуу»; китепкана жана иш-кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков «Манаста» үйрөнүү жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрү» жана коммуникация факультетинен доц.мил.атк. Венера Наринова «Окутуучулар менен кантип байланыш түзөм?» деген темаларда презентация жасашты.

Студенттик иштер башкармалыгынан «Бүтүрүүчү болгонго чейин сынактарда жана окууда ийгилик жаратуу системасы кандай иштейт?» деген теманын алкагында сынактар, баа коюу, академиялык ийгилик жана студенттер билим алуу процессинде билиши керек болгон негизги эрежелер тууралуу айтып берди.

Инженердик факультеттен доц.мил.атк. Абдулкадир Шекер «Академиялык чынчылдык: Плагиаттык жана жасалма интеллектти туура колдонуу» презентациясында академиялык этика, булактарга шилтеме берүү, плагиаттан качуу жана генеративдик жасалма интеллект куралдарын билим алууда жоопкерчиликтүү колдонуу маселелерине токтолду.

Китепкана жана иш-кагаздар башкармалыгы тарабынан сунушталган «Манаста» үйрөнүү жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрү» презентациясында студенттерге китепкана кызматтары жана изилдөө процесстеринде пайдалана турган булактар тааныштырылды.

Коммуникация факультетинен доц.мил.атк. Венера Наринова «Окутуучум менен кантип байланыш түзүшүм керек?» деген темада студенттердин окутуучулар менен бетме-бет жана санариптик чөйрөдө туура академиялык байланыш түзүүсү үчүн көңүл бура турган негизги учурлары менен бөлүштү.

Багыт берүү программасынын үч модулу университет жашоосунун ар кандай багыттарын камтыйт

КТМУнун 2026–2027-академиялык жылындагы багыт берүү программасы жаңы студенттерди университеттик жашоого ар тараптуу даярдоо максатында үч негизги модулга бөлүнүп түзүлгөн.

«Студенттик жашоо менен таанышам» модулу студенттердин окуу процесстерин, санариптик системаларды, академиялык ийгилик критерийлерин, этикалык принциптерди, билим алуу булактарын жана окутуучулар менен болгон байланыш маданиятын таанытууну максат кылат.

«Кампус сунунштаган мүмкүнчүлүктөр» модулунда студенттердин кампус турмушуна көнүп кетишине көмөктөшүүчү медициналык жана психологиологиялык кеңеш берүү кызматтары, тамактануу жана спорт мүмкүнчүлүктөрү, маданий иш-чаралар, студенттик клубдар, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу күнүмдүк университеттик жашоонун негизги элементтери тааныштырылат.

«Университеттин студенти катары өз жашоомо туура багыт бере алам» модулу студенттердин университетте өз алдынча, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү болушуна багытталган. Убакытты жана бюджетти туура башкаруудан тартып туура тамактанууга, физикалык жана психологиялык саламаттыктан кампус коопсуздугуна чейинки күнүмдүк турмуштун негизги тармактары бул бөлүмдүн мазмунун түзөт. Модуль студенттердин көйгөй чече алуусуна, зарыл учурда тиешелүү колдоо бөлүмдөрүнө кайрылуусуна жана университеттик турмушун академиялык, социалдык жана жеке тараптан тең салмактуу алып кетүүсүнө көмөктөшүүнү көздөйт.

Багыт берүү программасы 16-17-сентябрда уланат

Биринчи курстун студенттеринин университетке көнүү процессин жеңилдетүүнү жана КТМУдагы академиялык, социалдык мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануусун камсыздоону көздөгөн багыт берүү программасы 2026-жылдын 16-17-сентябрь күндөрү да уланат.

Программанын экинчи жана үчүнчү күндөрүндө студенттер Манастагы кампус турмушу жана өздөрүнө сунушталган мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышып, карьера, жеке өнүгүү жана келечекти калыптандырууга көмөктөшүүчү кызматтар менен мүмкүнчүлүктөр тууралуу тиешелүү академиялык жана административдик түзүмдөрдөн түз маалымат ала алышат.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү