Инженердик жана табигый илимдер багыттары үчүн EBSCO маалымат ресурстарына сыноочу байланыш ачылды


  • 2026-10-12

2026-жылдын 11-ноябрына чейин университеттин колдонуучулары үчүн EBSCO компаниясынын инженерия, математика жана табигый илимдер тармактарындагы билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү колдоого арналган маалымат ресурстарына сыноочу байланыш ачылды.

Сыноочу байланыштын алкагында төмөнкү маалымат базалары жеткиликтүү:

1. Engineering Source — машина куруу, электротехника, курулуш, энергетика жана башка багыттар боюнча материалдарды камтыган инженердик дисциплиналар боюнча толук тексттүү маалымат базасы. Анда 1 493 толук тексттүү журнал жана тармактык басылмалар бар.

2. eBook EngineeringCore Collection — алдыңкы эл аралык басмаканалардын инженердик илимдер боюнча электрондук китептеринин адистештирилген жыйнагы. Инженериянын жана технологиялардын ар түрдүү багыттары боюнча 7 800дөн ашык электрондук китепти камтыйт.

3. Inspec with Full Text — IET (Institution of Engineering and Technology) уюму менен биргеликте түзүлгөн физика, электроника, электротехника, компьютердик илимдер жана машина куруу боюнча абройлуу маалымат ресурсу. Анда 1 367ден ашык активдүү толук тексттүү илимий журнал, ошондой эле Inspec маалымат базасынын уникалдуу индекстөө мүмкүнчүлүктөрү камтылган.

4. Mathematics Source — таза жана колдонмо математика, статистика жана математикалык моделдөө боюнча адистештирилген толук тексттүү маалымат базасы. Анда 816 активдүү толук тексттүү журнал жана мезгилдүү басылма бар.

Ресурстардын жалпы көлөмү: инженердик илимдер, математика, физика, маалыматтык технологиялар жана билимдин чектеш тармактары. Жыйнактар илимий журналдарды, мезгилдүү басылмаларды жана 7 800дөн ашык электрондук китепти камтыйт.

Кимдер үчүн: инженердик жана табигый илимдер багытындагы факультеттердин окутуучулары, илимий кызматкерлери жана студенттерине.

Кирүү шилтемеси:
https://research.ebsco.com/c/jxjadt/?db=e230tww,egs,int,msf

    Социалдык медиада бөлүшүү