Археология жана маданий мурас тармагында биргелешкен иштер көздөлүүдө
Бухара эл аралык университети менен изилдөө жана мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү өнүктүрүлөт
КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан менен Бухара эл аралык университетинин ректору профессор Шариф Баратов тарабынан кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму эки университеттин ортосундагы академиялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.
Меморандумдун алкагында окутуучулар, административдик кызматкерлер, ошондой эле бакалавриат жана магистратура студенттеринин мобилдүүлүгүн колдоо пландалууда. Бигелешкен изилдөө ишмердүүлүктөрү жана илимий басылмалар да кызматташуу көздөлгөн багыттардын катарына кирет.
Азия эл аралык университети менен биргелешкен билим берүү программалары пландалууда
КТМУ менен Азия эл аралык университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ректор профессор Алпаслан Жейлан жана Азия эл аралык университетинин ректору профессор Сухроб Собирович Дехканов кол коюшту. Меморандум биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүнү, академиялык персоналдын жана студенттердин мобилдүүлүгүн колдоону жана ар түрдүү тармактарда биргелешкен иштерди жүргүзүүнү камтыйт.
Кол коюлган документтер аркылуу КТМУ аталган үч мекеме менен билим берүү жана изилдөө тармагындагы мамилелерин чыңдоо, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашууну биргелешкен академиялык ишмердүүлүккө айландыруу максат кылууда.