«Лань» электрондук китепкана системасына байланыш ачылды


  • 2026-10-21

Университетибиз үчүн «Лань» электрондук китепкана системасына байланыш ачылды!

«Лань» — изилдөөчүлөр, окутуучулар жана студенттер үчүн иштелип чыккан заманбап электрондук китепкана системасы. Анда 403 университеттин жана көптөгөн алдыңкы басмаканалардын материалдары камтылган. Системада ар түрдүү тармактар боюнча 93 000ден ашуун окуу китептери, окуу куралдары, окуу-методикалык колдонмолор, монографиялар, лекциялардын курстары жана илимий журналдар сунушталат. Материалдар орус тилинде берилген.

«Лань» электрондук китепкана системасына китепкана сайты аркылуу кире аласыздар.

Университеттин аймагында системага логин жана сырсөзсүз кирүүгө болот. Ошондой эле жеке каттоодон өтүү аркылуу университеттин аймагынан тышкары жерден да системаны пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар.

Пайдалуу шилтемелер:

    Социалдык медиада бөлүшүү