"Манаста" Түркия Республикасынын 103 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди


  • 2026-10-28

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык салтанат университеттин кампусундагы Республика көчөсүндө Түркиянын 81 аймагынын аттары жазылган желектерди көтөргөн студенттердин жөө жүрүшү менен башталды. Андан соң Курманжан Датка атындагы көркөм сүрөт галереясында кыргыз сүрөтчүсү Жаныбек Бердикеевдин «Түркиядагы бир күнүм» аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү ачылды. Конгресс жана маданият борборунда өткөн расмий иш-чарада расмий ачылыш сөздөрдөн кийин Milli Savunma университетинин Kara Harp окуу жайынын тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Ибрахим Этхем Атнурдун «Тарыхка сүргүнгө айдалгысы келген түрктөрдүн стратегиялык жеңиши: Республика» аттуу лекциясы жана концерттик программа тартууланды.

«Түркиядагы бир күнүм» көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды

Майрамдык иш-чаранын алкагында кыргыз сүрөтчүсү Жаныбек Бердикеевдин «Түркиядагы бир күнүм» аттуу жеке көргөзмөсү Курманжан Датка атындагы көркөм сүрөт галереясында ачылды.

Монументалдык жана станоктук живопись багыттарында эмгектенген, Кыргызстандын таанымал сүрөтчүлөрдүн бири Жаныбек Бердикеев буга чейин Кыргызстанда, Казакстанда жана Түркияда, анын ичинде Стамбул жана Измир шаарларында жеке көргөзмөлөрүн өткөргөн. «Түркиядагы бир күнүм» аттуу көргөзмөсүнө сүрөтчүнүн Түркия тууралуу байкоолору жана көркөм интерпретациялары камтылган чыгармалары коюлду.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем Түркияны бир күндүн ичинде толугу менен сүрөттөп берүү мүмкүн эместигин белгиледи. Ошол эле учурда Жаныбек Бердикеевдин чыгармалары аркылуу өлкөнүн ар кыл өзгөчөлүктөрүн таанып-билүүгө жана Түркияга болгон сагынуу сезимин кандайдыр бир деңгээлде жеңилдетүүгө боло тургандыгын билдирди.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Республика күнүн көз карандысыздык жана эркиндик үчүн күрөштүн маанисин эске салган өзгөчө күн экенин белгиледи. Ал көргөзмө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштарды искусство аркылуу чагылдырганын баса белгилеп, сүрөтчүгө ыраазычылыгын билдирди. Жаныбек Бердикеевдин чыгармаларын келечекте да университетте көрүүчүлөргө тартуулоого кубанычта болорун билдирди.

Сүрөтчү Жаныбек Бердикеев Түркияга алгач 2004-жылы симпозиумга катышуу үчүн барганын белгиледи. Түркиянын жаратылышын кооздугу, элинин меймандостугу жана жөнөкөй адамдар менен баарлашуулары анын эсинде терең из калтырганын айтты. Ал Республика күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында өз эмгектерин искусство сүйүүчүлөрүнө тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин билдирди.

Элчи Өкем: «Республика — түрк элинин улуттук эркинин кайрадан жаралышы»

Конгресс жана маданият борборунда өткөн расмий программада Түркиянын Бишкектеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем сөз сүйлөдү. Ал Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык байланыштарды чыңдоодо мындай маанилүү күндөрдө бирге болуунун өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Республиканын жарыяланышына негиз болгон тарыхый окуяларды эске салган Өкем Мустафа Кемал Ататүрктүн 1923-жылдын 28-октябрында айткан «Мырзалар, эртең Республиканы жарыялайбыз» деген сөзүнүн тарыхый маанисине токтолду. Элчи 1923-жылдын 29-октябрында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын чечими менен Республика жарыяланганын белгилеп, бул окуя башкаруу формасынын өзгөрүшү менен гана чектелбестен, түрк элинин өз келечегин өзү аныктоо укугун дагы бир жолу ырастаганын айтты.

Улуттук боштондук күрөшү Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын жетекчилиги астында жүргүзүлгөнүн белгилеген Өкем көз карандысыздык үчүн күрөштүн элдин эркине таянганын баса белгиледи. Ошондой эле Лозанна тынчтык келишими Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйыны жүргүзгөн саясий процесстин маанилүү баскычтарынын бири болгонун эске салды. Анын айтымында, Республиканын түзүлүшү Түркиянын саясий жана коомдук түзүлүшүндө түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө жол ачты.

Элчи Республика мезгилинде жарандык укуктардын кеңейиши, аялдардын шайлоо жана шайлануу укугуна ээ болушу, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн артуусу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшү сыяктуу жетишкендиктерге токтолду. Ошондой эле Республиканын тең укуктуу жарандык түшүнүгүнүн калыптанышындагы маанисин баса белгиледи.

Ал сөзүн жыйынтыктап жатып Республиканын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктү жана көз карандысыздык үчүн күрөшкө салым кошкондорду терең урмат-сый жана ыраазычылык менен эскерди. Ал сөзүн катышуучуларга  „Түркмүн деген адам кандай бактылуу!“ деген сөздөр менен кайрылуу аркылуу жыйынтыктады.

Ректор Жейлан: «Түрк дүйнөсүнүн келечегин биргелешип пландашыбыз керек»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Республика күнү түрк элинин көз карандысыздыкка болгон эркин жана эркин жашоого болгон чечкиндүүлүгүн символдоштурган өзгөчө күн экенин белгиледи. Ал Республиканын кандай тарыхый шарттарда түзүлгөнүн жана кандай курмандыктардын эсебинен корголгонун унутпай, тарыхты ар дайым эстеп туруу маанилүү экенин баса белгиледи.

Түрк эли тарых бою көз карандысыздыгынан баш тартпаганын белгилеген Жейлан сөзүндө Түркиянын мамлекеттик гимни болгон «Көз карандысыздык маршынын» «Мен башынан бери эркин жашадым, эркин жашайм» деген саптарын эске салды. Ал Мете кагандан Алпарсланга, Осман Газиден Мустафа Кемал Ататүрккө чейинки тарыхый күрөштөр эркиндик жана көз карандысыздык түшүнүгүнүн ар кайсы доорлордогу көрүнүштөрү экенин айтып, түрк эли эч бир мезгилде кулчулукту кабыл албаганын белгиледи.

Кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасына да токтолгон Жейлан 1916-жылдагы Үркүн окуялары жана көз карандысыздык үчүн жүргүзүлгөн күрөштөр түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхый эс тутумунда маанилүү орунду ээлерин айтты. Өткөндөгү кайгылуу окуялар көз карандысыздыктын баркын тереңирээк түшүнүүгө жардам берерин белгилеп, тарыхый эс тутумду кийинки муундарга жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Түрк дүйнөсүнүн жалпы келечеги тууралуу ой бөлүшкөн Алпаслан Жейлан түрк мамлекеттеринин ортосундагы биримдикти жана өз ара тилектештикти чыңдоо зарылдыгын белгиледи. Жаштар бул жалпы келечекти курууда маанилүү жоопкерчиликтерди аркалай турганын айтып, Кыргыз-Түрк «Манас» университети ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаштарды бир чатырдын астына бириктирүү аркылуу келечек муундарды тарбиялоого салым кошуп жатканын билдирди.

Профессор Атнур Республиканын негизделүү тарыхына токтолду

Республика күнүнө арналган программанын алкагында Түркиянын Milli Savunma университетинин Kara Harp академиясынын тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Ибрахим Этхем Атнур катышкан «Тарыхка сүргүнгө айдалгысы келген түрктөрдүн стратегиялык жеңиши: Республика» аттуу конференция өткөрүлдү.

Атнур Осмон мамлекетинин акыркы мезгилинен тартып Республиканын жарыяланышына чейинки тарыхый процесстерге токтолуп, Севр келишиминен улам түрк эли туш болгон коркунучтарды талдап берди. Анын айтымында, Амасья циркулярында, Эрзурум жана Сивас конгресстеринде алдыга коюлган улуттук эрк жана улуттук эгемендик принциптери Улуттук боштондук күрөшүнүн негизин түзгөн. Ал Мустафа Кемал Ататүрктүн көз карандысыздык үчүн күрөштү парламент аркылуу жүргүзүшү элдин эркине өзгөчө маани берилгенин көрсөтөрүн белгиледи. 

Профессор 1921-жылдагы Конституцияда камтылган „Эгемендик эч кандай шартсыз элге таандык“ деген принциптин Республиканын жарыяланышына алып келген тарыхый процесстеги маанисине токтолду. Ошондой эле султандыктын жоюлушу, Анкаранын борбор шаар болуп жарыяланышы жана 1923-жылдын 29-октябрында Республиканын жарыяланышы жаңы мамлекеттин түптөлүшүндөгү негизги баскычтар болгонун белгиледи. 

Атнур Республиканын жарандык укук, аялдар менен эркектердин теңдиги, билим берүү жана индустриялаштыруу тармактарында ишке ашырган өзгөрүүлөрүнө да токтолду. Бул өзгөрүүлөр Түркиянын коомдук жана экономикалык түзүлүшүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизгенин белгиледи. Ал Ататүрктүн «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» принцибинин маанисин эске салып, жаштардын Улуттук боштондук күрөшүндөгү ролуна жана Республиканын келечек муундарга аманат катары тапшырылышына көңүл бурду.

Түрк дүйнөсүнүн келечеги тууралуу сөз кылган Атнур 1991-жылдан тартып көз карандысыздыкка ээ болгон түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жалпы тарыхый жана маданий байланыштар келечектеги биримдикти жана тилектештикти бекемдей аларын айтып, Түркиянын максаттарын түрк дүйнөсүнүн жалпы келечеги менен биргеликте кароо зарылдыгын билдирди.

Проректор Алтынташ: «Республика — жаштарга мурас катары калтырылган тарыхый баалуулук»

КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ сөзүндө Осмон мамлекетинин XIX кылымдан тартып башынан өткөргөн согуштарга жана жоготууларга токтолуп, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Анадолунун басып алынышы менен түзүлгөн тарыхый кырдаалды баяндады. Ал Чанаккале аймагында көрсөтүлгөн каршылыкка карабастан, согуштун жалпы жүрүшү жана союздаштардын жеңилиши натыйжасында Анадолу баскынчылык коркунучуна туш болгонун белгиледи. Узак жылдарга созулган согуштардан кийин түрк эли көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн чоң күрөш жүргүзгөнүн баса белгилеп өттү.

Алтынташ Анадолуда түрк элинин жашоосун токтотууга багытталган аракеттер тарых бою кайталанып келгенин белгиледи. Анын айтымында, Улуттук боштондук күрөшү мезгилинде түрк элинин өзүнүн бар экендигин жана келечегин сактап калууга болгон чечкиндүүлүгү чечүүчү мааниге ээ болгон. Ошондой эле ал түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында болуп өткөн тарыхый окуяларга токтолуп, Азербайжан Республикасынын кыска мөөнөттүү көз карандысыздык мезгилинен кийинки окуяларды, Орусия басып алган түрк дүйнөсүнүн аймактарындагы абалды жана Чыгыш Түркстанда болуп өткөн окуяларды эске салды. Ал бул окуяларды түрк тарыхындагы эң оор мезгилдердин көрсөткүчтөрү катары мүнөздөдү.

Көз карандысыздык үчүн күрөш чоң курмандыктардын эсебинен жеңишке жеткенин белгилеген Алтынташ жаштарга кайрылып, Республиканын эмне үчүн аларга аманат кылынганын түшүнүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал сөзүндө агасы шейит болгондон кийин анын мылтыгын алып, күрөшкө кошулган жана үч айлык ымыркайын артта калтырган Нене Хатундун эрдигин эске салды. Анын айтымында, Мекендин келечегин сактоо жеке кайгы-муңдан жана санаалардан да жогору турган жоопкерчилик катары кабыл алынган.

Алтынташ Республиканын жөн гана башкаруу формасы эмес экенин, көз карандысыздык үчүн өмүрүн берген инсандар жана түрк тарыхына багыт берген улуу ишмерлердин келечек муундарга калтырган аманаты экенин баса белгиледи. Ал Билге каган, Манас  жана Коркут ата сыяктуу тарыхый-маданий инсандарды да эскерип, бул мурасты сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Сөзүнүн соңунда Республика Мустафа Кемал Ататүрктүн жаштарга калтырган эң маанилүү аманаттарынын бири экенин баса белгиледи.

Республика күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 30-октябрда уланат

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Республика күнүнө арналган иш-чаралар 2026-жылдын 30-октябрында, жума күнү улантылат.

Программага ылайык, саат 18:30да Бешбармак боз үйүндө шам чырактар менен жөө жүрүш, ал эми саат 19:00дө Социалдык курулуштар имаратында Поэзия кечеси өткөрүлөт. Андан соң Республика күнүнө арналган расмий кабыл алуу аземи уюштурулат.

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү