Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Эл аралык Финал университетинин ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында протоколго кол коюлду.
Протоколго Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Эл аралык Финал университетинин ректору, профессор Орхан Гемиконаклы кол коюшту. Ректорлукта өткөрүлгөн кол коюу аземи, эки университеттин ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо багытында маанилүү кадам болду.