Түркия Республикасынын негизделгенинин 103 жылдыгына карата Бишкектеги Ататүрк паркында уюштурулган салтанатка КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, Phd. доц. Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери жана студенттери катышты.
Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги тарабынан уюштурулган иш-чарада Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү аземи өткөрүлдү жана Түркия Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Бишкектеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем Республика Түрк элинин көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн жана улуттук эркинин негизинде түзүлгөнүн баса белгиледи.
Амасья меморандумундагы «Элдин келечегин дагы эле элдин чечкиндүүлүгү жана эрки сактап калат» деген сөздөрдү эскерткен Өкем, Улуттук козголоң элдин эрқи менен жүргүзүлгөнүн билдирди. Элчи Республика жөн гана башкаруу формасынын өзгөрүшү эмес экенин айтып, бул Түрк элинин эркинин кайрадан жаралуусу экенин белгиледи.
Республика мыйзам алдында калктын тең укуктуулугун, шайлоо жана шайлануу укугун, ошондой эле билим берүү жана мамлекеттик кызматтарды жайылтуу сыяктуу маанилүү жетишкендиктерди алып келгенине көңүл бурган Өкем, Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана Республиканын түзүлүшүнө эмгеги сиңгендерди терең сый-урмат менен эскерди.
Өкем өз сөзүн «Түрк деген адам кандай бактылуу!» деген сөздөрү менен жыйынтыктады.