Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени" менен сыйланды


  • 2026-10-31

Кыргызстан Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алкагында түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымдары үчүн «Түрк дүйнөсүнүн Жогорку Ордени» менен сыйланды. Орденди Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды.

Президенттик комплекстин Малазгирт көргөзмө борборунда өткөн аземде сөз сүйлөгөн Жапаров өзүнө ыйгарылган бул сыйлык чоң сыймык экенин белгиледи. Ал бул орден тек өзүнө гана эмес, кыргыз элине түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана тилектештиги үчүн көрсөткөн аракеттерине берилген  жогорку баа экенин билдирди.

«Бизди тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат»
Садыр Жапаров түрк элдерин орток тарых, маданият жана бир туугандык байланыштар бириктирип турганын баса белгилеп, бул орток мурасты келечек муундарга жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурдү.

Жапаров: «Бизди кылымдарды карыткан жалпы тарыхыбыз, орток руханий баалуулуктарыбыз, тилибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Ата-бабаларыбыздан калган ушул улуу мурасты сактап, аны келечек муундарга жеткирүү — баарыбыздын милдетибиз», — деди. 

Түрк дүйнөсүндө биримдик жана кызматташтык багыты

Түрк дүйнөсүнүн лидерлерине ыраазычылыгын билдирген Жапаров түрк элдеринин ортосундагы байланыштар түбөлүктүү болушун каалады. Ошондой эле, боордош өлкөлөрдүн биримдиги жана ынтымагы келечекте да бекемделе берерине ишенимин билдирди. 

Жапаровдун сөзү түрк мамлекеттеринин орток маданий мурасын коргоо, бир туугандык байланыштарды чыңдоо жана ар тараптуу кызматташтыкты улантуу чечкиндүүлүгүн билдирүү менен аяктады.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү