КТМУда V Эл аралык "Финансы, экономика жана туруктуу саясат" конгресси өттү


  • 2026-10-30

Кыргыз-Түрк Манас университетинин (КТМУ) кабыл алуусунда 2026-жылдын 29-30-октябрында «Аба, суу, топурак: Экологиялык тең салмактуулук жана туруктуу келечек» башкы темасы алдында V Эл аралык "Финансы, экономика жана туруктуу саясат" конгресси (ICOFESP) өткөрүлдү.

Эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана глобалдык экономикалык, социалдык жана экологиялык көйгөйлөргө туруктуу чечимдерди табууга салым кошууну максат кылган конгресске ар кайсы өлкөлөрдөн окумуштуулар чогулду.

Конгресстин ачылыш аземиндеги сөздөрдө туруктуу өнүгүү, экологиялык көйгөйлөр, суу ресурстарын коргоо, эл аралык академиялык кызматташтык жана түрк дүйнөсүндөгү экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери каралды.

Алпаслан Жейлан: «Экономикалык кызматташтык — эң маанилүү факторлордун бири»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан сөзүн «Манас» үй-бүлөсүнүн баалуулугуна жана университеттин аракетчил, ийгиликтүү студенттерине токтолуу менен баштады. Конгресстин Түркия Республикасынын негизделген күнүнө туш келген убакта өткөрүлүп жатканына кубанычын билдирген Жейлан Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдыгы менен куттуктады.

Түрк эли үчүн көз карандысыздык менен эркиндиктин маанисине токтолгон Жейлан Түркия оор шарттарда жеңишке жетүү менен Республикага негиз салганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген Үркүн окуяларын унутпоо керектигин айтып, 11-ноябрда өткөрүлө турган жүрүш аркылуу ата-бабалар эскерилерин билдирди.

Түрк дүйнөсүндөгү боордоштук мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Жейлан бул байланыштар экономикалык кызматташтык менен коштолушу зарылдыгын айтты.

«Бирок мунун ичинде экономика болбосо, анда бул жөн гана куру сөз. Ошондуктан экономикалык кызматташтык эң маанилүү факторлордун бири болуп саналат», — деди ал.

Ал экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө университеттердин жана квалификациялуу адистерди даярдаган билим берүү мекемелеринин ролу чоң экенин белгиледи. Конгресстин негизги темасына байланыштуу суу ресурстарын коргоо маселесине да токтолгон Жейлан Кыргызстандын үч өлкөнү суу менен камсыз кылган суу булактарына ээ экенин айтты. Анын белгилешинче, келечекте суу коопсуздугунун мааниси барган сайын жогорулайт. Ошондой эле Борбор Азиянын маанилүү жаратылыш байлыктарынын бири болгон Ысык-Көлдү коргоо актуалдуу маселелердин катарына кирерин белгиледи. Ысык-Көл жаратылыш байлыгы гана эмес, аймактын дастандары жана маданий эстутуму үчүн да өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жейлан конгресс суу ресурстарын коргоо, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана туруктуу саясаттарды иштеп чыгуу багытында маанилүү жол көрсөтүүчү аянтча болоруна ишеним билдирди. Мындан тышкары, эл аралык илимий иш чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, бешинчи жолу уюштурулуп жаткан ICOFESP конгресси бул багытта баалуу үлгү болуп саналат деп белгиледи.

Илимий кызматташтыкты өнүктүрүү максат кылынууда

Кыркларели университетинин ректору жана ICOFESP конгрессинин төрайымы, профессор Ренгин Ак бүгүнкү күндө экологиялык көйгөйлөрдү, экономикалык тандоолорду жана технологиялык өнүгүүлөрдү бири-биринен өзүнчө кароого мүмкүн эместигин белгиледи. Бул өз ара байланыштарды түшүнүү үчүн ар түрдүү көз караштарды жана илимий изилдөөлөрдү биргеликте карап чыгуу зарылдыгын айткан Ак конгресстин алкагында жашыл финансы, чөлдөшүүгө каршы күрөшүү, жасалма интеллект, суу коопсуздугу, органикалык азык-түлүктү тандоо, Түркиянын көмүртексиз экономикага өтүү процесси жана айланма экономика сыяктуу маселелер талкууланганын билдирди.

Конгресстин КТМУнун кабыл алуусунда өтүүсү эл аралык академиялык байланыштарды өнүктүрүү жагынан маанилүү экенин белгилеген Ак университеттин жетекчилигине жана иш-чараны уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Университеттер арасындагы байланыштарды өнүктүрүү маселесине да токтолгон Ак Кыркларели университети эл аралык стратегиясынын алкагында Балкан өлкөлөрү жана Түрк дүйнөсү менен академиялык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурарын айтты. Анын маалыматына караганда, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандан келген студенттер «Орхун» алмашуу программасынын алкагында университетке барышкан. Ак студенттер менен окумуштуулардын академиялык алмашуусу университеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Эл аралык академиялык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү

Кыркларели университетинин окутуучусу жана ICOFESP конгрессинин теңтөрайымы, профессор Берна Ак Бингүл конгресстин бешинчи жолу өткөрүлүп жатышы илимий тажрыйба алмашуунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана эл аралык академиялык кызматташтыкты бекемдөө жагынан маанилүү экенин белгиледи.

2023-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан ICOFESP конгресстери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштууларды глобалдык көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бир аянтчага бириктирип жатканын айткан Бингүл буга чейинки конгресстер Түндүк Македониянын Скопье шаарында, Бурса техникалык университетинин жетекчилиги алдында жана Албаниянын Тирана шаарында өткөрүлгөнүн эске салды.

Ал эми 2025-жылы уюштурулган төртүнчү конгресс «Климаттык туруктуулук жана туруктуу өнүгүү» (Climate Resilience and Sustainability) темасына арналып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жана туруктуу өнүгүү маселелерине басымжасалганын билдирди.

Быйыл КТМУнун жетекчилиги алдында өткөрүлүп жаткан конгресстин «Аба, Суу, Топурак: Экологиялык тең салмактуулук жана туруктуу келечек» темасы жаратылыш ресурстарын коргоо, экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана келечек муундарга жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтыруу сыяктуу жалпы жоопкерчиликтерге көңүл бурдурарын белгилеген Бингүл конгресстин Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибине жана Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келерин баса белгиледи.

Конгрессте 94 илимий баяндама сунушталды

КТМУнун окутуучусу, доц. док. Өмер Тугсал Дорук ачылыш аземинде катышуучуларга салам айтып, университетте эл аралык академиялык иш чараны өткөрүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Конгресстин бешинчи жолу уюштурулуп жатышы анын академиялык чөйрөдө туруктуу ордун тапканын көрсөтөрүн белгилеген Дорук иш-чараны уюштурууга салым кошкон мекемелерге жана адамдарга ыраазычылык билдирди.

Конгресстин программасы тууралуу маалымат берген Дорук бетме-бет форматтагы жыйындарда 10 залда 56 баяндама сунушталарын, эки чакырылган баяндамачынын сөз сүйлөрүн жана онлайн форматтагы сегиз секцияда 38 баяндама орун аларын айтты. Ошентип, конгресстин алкагында жалпы 94 баяндама сунушталарын белгилеген Дорук баяндамалардын авторлору жана ачылыш жыйынынын катышуучулары болуп жалпысынан 12 өлкөнүн өкүлдөрү келгенин маалымдады.

Жашыл финансы, экологиялык экономика, суу коопсуздугу, айыл чарба, биологиялык ар түрдүүлүк, математикалык моделдер жана туруктуу туризм сыяктуу ар кыл багыттардагы изилдөөлөр сунушталарын айткан Дорук ар башка илимий тармактардын өкүлдөрү жалпы көйгөйлөргө илимий чечимдерди издеп жатканы конгресстин эң маанилүү жетишкендиктеринин бири экенин баса белгиледи.

Ошондой эле конгресстин 9-ноябрда Антальяда өткөрүлө турган COP31 климаттык конференциясынын алдында уюштурулуп жатышы да маанилүү экенин белгиледи. Дорук бул жерде сунуштала турган илимий изилдөөлөр глобалдык климаттык талкууларга салым кошот деген үмүтүн билдирди.

Туруктуулук боюнча отчеттуулуктун стратегиялык өзгөрүүсү талкууланды

Ачылыш сөздөрүнөн кийин КТМУнун менеджмент бөлүмүнүн башчысы, профессор Гөкхан Өзер «Финансылык отчеттордон климаттык отчетторго: туруктуулук боюнча отчеттуулуктун стратегиялык өзгөрүүсү» аттуу баяндамасын сунуштады. Баяндамада ишканалардын финансылык отчеттуулук процесстеринин тарыхый өнүгүүсү, финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана көз карандысыз тышкы аудиттин ролу тууралуу сөз болду.

Туруктуу келечек үчүн математикалык моделдер жана маалыматтар каралды

Профессор Орхан Гемиконаклынын төрагалыгы алдында өткөн отурумда экологиялык келечек, математикалык моделдөө жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерине арналган илимий баяндамалар сунушталды. Профессор Орхан Гемиконаклы суу-энергетика-азык-түлүк системаларын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган динамикалык моделдөө жана жасалма интеллект алкагын талдап берди. Магистрант Мухаммед Эмин Батухан, профессор Эржан Челик жана доц. док. Мухаммед Йигидер фракталдык татаал дифференциалдык теңдемелерге аналитикалык талдоо жүргүзүштү. Ал эми магистрант Жан Йылдызхан жана доц. док. Өмер Тугсал Дорук башкы аткаруучу директорлордун (CEO) компаниянын акцияларын кайра сатып алуу жөнгө салууларынын финансылык чектөөлөргө тийгизген таасирин карашты. Профессор Мехмет Явуз, Айжан Абдыбек кызы жана профессор Хардик Жоши, ошондой эле доц. док. Элмира Абдылдаева менен Дастан Данияров жырткыч-жемтик моделдериндеги математикалык анализдер жана убакыттык кечигүүлөр боюнча баяндамаларын сунушташты.

Суу коопсуздугу жана оор металлдар менен булгануу аймактык маалыматтардын негизинде бааланды

Профессор Бакыт Боркоев жетектеген отурумда суунун булганышы, саркынды сууларды башкаруу жана алардын экологияга тийгизген таасири ар түрдүү илимий изилдөөлөрдүн негизинде каралды. Магистрант Гүлназик Болотмамбетова, доц. док. Кубат Кемелов, профессор Бакыт Боркоев, профессор Калипа Салиева, доц. м. а. док.  Эмил Омурзак уулу жана окутуучу Айдай Жумадилованын биргелешкен изилдөөсүндө жаңгактын кабыгынан алынган активдештирилген көмүрдүн адсорбциялык касиеттери сунушталды. Магистрант Марьям Бакытбекова, окутуучу Зиядат Салиева, илимий кызматкер Дарья Каримова, профессор Калипа Салиева, профессор Бакыт Боркоев жана доц. док. Эмил Омурзак уулу Кыргызстандын Жазы жана Көк-Арт дарыяларындагы оор металлдардын концентрациясын баалашты.

Отурумдун кийинки бөлүгүндө профессор Калипа Салиева, окутуучу Нурила Мамбетжанова, Оман Абышев, окутуучу Алина Керимбаева, доктор Марат Абышев, доктор Ормон Абышев, профессор Анар Зарипова жана профессор Бакыт Боркоев климаттык көрсөткүчтөрдүн суунун сапатына тийгизген таасирин машиналык үйрөнүүгө негизделген моделдин алкагында сунушташты. Магистрант Гаухар Ормошова, окутуучу Зиядат Салиева, илимий кызматкер Дарья Каримова, профессор Калипа Салиева, профессор Бакыт Боркоев жана доц. док. Эмил Омурзак уулу Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы дарыяларда оор металлдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары менен бөлүшүштү.

Биологиялык ар түрдүүлүк, топурак экосистемасы жана жаратылышка негизделген чечимдер каралды

Профессор Мустафа Долаздын төрагалыгы алдында өткөн отурумда биологиялык ар түрдүүлүк, топурак экосистемалары жана жаратылышка негизделген чечимдер боюнча баяндамалар сунушталды. Доц. док. Айгүл Бечелова, профессор Бекмамат Женбаев, профессор Калипа Салиева жана доц. док. Эмил Омурзак уулу Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорундагы экологиялык жана биогеохимиялык мониторингдин алкагында жаңгак жалбырактарында химиялык элементтердин топтолушун изилдешти. Доц. док. Нурзат Шакиева, профессор Мустафа Долаз жана профессор Нахит Акташ целлюлозаны гидрогелдик материалдарга айландыруу жана аларды боёчу заттарды тазалоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ал эми Доц. док. Нурзат Шакиева, профессор Мустафа Долаз жана Элизабет Бурханова гидролизденген кератин материалдарынын микробго каршы касиеттерин изилдешти. Доц. док. Жошкун Гүчлү эки баяндама жасады. Алгач Түркмөн тоосундагы эргин канаттууларын мителеген Centistes жана Syntretus түрлөрүнүн ДНК-баркоддоштурулушу жана алардын биологиялык ар түрдүүлүк үчүн мааниси тууралуу маалымат берди. Андан соң глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбасындагы туруктуу биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген таасирин талдады.

Илимий кызматкер Диана Жаркынбек, профессор Мустафа Долаз жана Доц. док. Нурзат Шакиева буудайдын саман калдыктарынан микрокристаллдык целлюлозаны синтездөө боюнча изилдөөлөрүн сунушташты.

Туруктуу жашоо образы жана экологиялык аң-сезим ар тараптуу көз караштардын негизинде талкууланды

Доц. м. а. док. Нарынгүл Маргазиева жетектеген отурумда туруктуу жашоо образы, экотуризм жана экологиялык аң-сезим ар түрдүү тармактардагы илимий изилдөөлөрдүн негизинде каралды. Доц. м. а. док. Нарынгүл Маргазиева жана Искендер Аликов Кыргызстандын айыл жерлериндеги өзгөчө жайгаштыруу кызматтарын көрсөткөн туристтик ишканаларды экотуризмдин алкагында талдап чыгышты. Илимий кызматкер Эдита Мустафа Батыш Балкан өлкөлөрүндөгү жогорку технологиялык экспорттун өнүгүшүнө түз чет өлкөлүк инвестициялардын, санариптештирүүнүн жана энергетикалык өтүүнүн тийгизген таасирин изилдеди. Магистрант Елена Жылдызбек кызы, доц. док. Эмил Омурзак уулу, профессор Калипа Салиева, профессор Бакыт Боркоев жана профессор Сагынбек Орунбаев Кыргызстандын айыл чарба калдыктарынан алынган экологиялык жактан таза наноматериалдарды жана активдештирилген көмүрдү сунушташты. Магистрант Бурулча Турдубаева жана доц. док. Эмруллах Төрен туруктуу туризмдеги экологиялык аң-сезим менен адамдардын мамилеси жана жүрүм-турумунун ортосундагы айырмачылыкты системалуу адабияттык серептин негизинде изилдешти. Доц. док. Ибрахим Гүндогду, Айпери Кубанычбек кызы жана доктор Кымбат Асанова Бишкек шаарынын мисалында фестивалдык туризмдин жергиликтүү калкка тийгизген таасирин баалашты. Ал эми окутуучу Сапаргүл Турдубекова Кыргызстандын лыжа туризминин климаттын өзгөрүшү жана экономикалык тобокелдиктер менен болгон байланышын изилдеп, бул процессте туристтик жайлардын деңиз деңгээлинен бийиктигинин ролун белгиледи.

Органикалык айыл чарба, топуракты коргоо жана туруктуу дыйканчылык ыкмалары бааланды

Профессор Рафет Асланташтын төрагалыгы алдында өткөн отурумда органикалык айыл чарба, агроэкология, топуракты коргоо жана түшүмдүүлүк маселелери каралды. Доц. м. а. док. Сайкал Бобушова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы органикалык айыл чарбада жергиликтүү энтомопатогендик козу карындардын Fusarium түрлөрүнө каршы натыйжалуулугун изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Магистрант Айдана Самарбек айыл чарба топурактарындагы микропластиктер менен булгануу маселесин изилдесе, доктор Фарзане Пордел Мараге, доц. док. Туба Өзкан жана окутуучу Элиф Гөвез Кылыч айыл чарба калдыктарынан биокөмүр өндүрүүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн баалашты. Алардын дагы бир изилдөөсүндө аллелопатиялык касиетке ээ өсүмдүктөрдү колдонуу аркылуу отоо чөптөргө каршыкүрөшүүнүн экономикалык потенциалы каралды.

Доц. док. Таир Эсенали уулу, илимий кызматкер Абдуллах Жан Акгүл, Доц. док. Жошкун Гүчлү жана профессор Рафет Асланташ Кыргызстандын кулпунай тармагындагы өндүрүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын жана өндүрүштөгү чектөөлөрдү сунушташты. Ал эми магистрант Жанарка Нурбекова фитогормондордун кулпунайдын «Albion» сортунун өсүшүнө жана өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу баяндады.

Экологиялык келечектеги математикалык моделдердин жана маалыматтардын ролу каралды

Профессор Мехмет Явуздун төрагалыгы алдында өткөн отурумда экологиялык келечек, маалыматтарды талдоо жана математикалык моделдөө маселелерине арналган баяндамалар сунушталды. Доц. док. Калыскан Матанова жана доц. док. Пейил Эсенгул кызы Чатыр-Көлдүн бассейнинде абанын температурасынын узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрүн жана алардын көлдүн беттик аянтынын өзгөрүү динамикасы менен байланышын баалашты. Магистрант Атилла Карабажак, доц. док. Чагры Караман жана профессор Эржан Челик Уэйл–Уокер–3 көп түрдүүлүктөрү (Weyl-Walker-3 manifolds) боюнча алынган илимий жыйынтыктармененбөлүшүштү.  Профессор Эржан Челик, доктор Нуриза Мирзабекова жана профессор Садагат Шахморад сингулярдык кечигүүсү бар дифференциалдык теңдемелер системалары үчүн Лагранждын интерполяциялык коллокация ыкмасын карашты. Профессор Мехмет Явуз, Ниязбек Сайпидинов жана профессор Парваиз Ахмад Найк жаш курактык түзүлүштү эске алган кургак учуктун математикалык моделинин туруктуулугун талдоо жана сандык симуляциялары боюнча баяндамаларын сунушташты. Ал эми профессор Камалбек Карымшаков, магистрант Уулай Рүстөмова жана доц. док. Дастан Асеинов Кыргызстандагы санариптик ажырым менен үй чарбаларынын бакубаттуулугунун ортосундагы байланышты изилдешти.

Абанын сапаты, климаттын өзгөрүшү жана айланма экономика талкууланды

Доц. док. Абдуллах Ограктын жетекчилиги алдында отурумда абанын булганышы, суу ресурстарын башкаруу жана айланма өндүрүш моделдери ар түрдүү илимий изилдөөлөрдүн негизинде каралды. Доц. док. Илкер Оруч эки өзүнчө баяндама жасады. Алгач Чанаккале облусунун Лапсеки районундагы булгоочу заттардын концентрациясын эки өзгөрмөлүү полярдык графиктер жана k-орточо кластердик талдоо ыкмасы аркылуу баалады. Андан соң Текирдаг облусунун Чорлу шаарындагы абаны булгоочу заттардын мезгилдик өзгөрүүлөрүн жана алардын келип чыгышы мүмкүн болгон булактарынын багыттарын изилдеди. Магистрант Акиф Коркмаз жана доц. док. Алпер Ышын туризм тармагындагы суу ресурстарын башкаруу, суу тартыштыгы жана көк экономика боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн библиометрикалык талдоосун сунушташты. Магистрант Аида Байзакова жана профессор Гөкхан Өзер түрк боз үйүнүн архитектурасын заманбап айланма курулуш принциптери менен салыштырып карашты. Магистрант Мехмет Албайрак Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин маданияттар аралык байланыштагы тынчсыздануулары менен натыйжалуу жарандык компетенцияларынын ортосундагы байланышты изилдөө аркылуу жашыл трансформациянын адамдык жана социалдык негиздерин талдады. Ал эми магистрант Айназик Сарыгулова жана доц. док. Назгүл Иманбердиева Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын экологиялык абалын баалашты.

Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаратылышка негизделген чечимдер дисциплиналар аралык ыкмалар менен бааланды

Доц. док. Жошкун Гүчлүнүн төрагалыгы алдында өткөн отурумда биологиялык ар түрдүүлүк, экосистемалар жана экологиялык дискурсту талдоо маселелери боюнча баяндамалар сунушталды.  Магистрант Бетүл Кая Өздемир, профессор Мустафа Долаз жана доц. док. Нурзат Шакиева жүндүн калдыктарынан алынган гидролизделген кератинди синтездөө маселесин карашты. Доц. док. Айгүл Бечелова Кыргызстандын мөмө-жемиш жана жаңгак токойлорунда өскөн мисте менен жаңгак мөмөлөрүнүн минералдык курамына экологиялык жана биогеохимиялык баалоо жүргүздү. Доц. док. Жошкун Гүчлү эки өзүнчө изилдөөсүн сунуштады. Биринчи изилдөөсүндө Түркмөн тоосундагы көпөлөктөрдүн (Lepidoptera) личинкаларын мителеген Cardiochiles тукумундагы түрлөрдүн ДНК баркоддоштурулушу жана алардын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу мааниси тууралуу маалымат берди. Экинчи изилдөөсүндө Wolbachia эндосимбионтуунун алма өсүмдүгүндө кездешүүчү кызыл өт битинин (Dysaphis devecta (Walker), Hemiptera: Aphididae) жыныстык катышына тийгизген таасирин жана табигый популяцияларды туруктуу жөнгө салуу механизминдеги ролун талдады. Ал эми доктор Рахат Алишова кыргыз жана англис тилдериндеги экологиялык дискурстарга салыштырма эколингвистикалык талдоо жүргүзүү аркылуу ар түрдүү маданияттарда экологиялык аң-сезимдин кандайча калыптанарын жана чагылдырыларын изилдеди.

Туруктуу жашоо образы, экологиялык аң-сезим жана туризм саясаты талкууланды

Профессор Үмит Сормаздын төрагалыгы алдында өткөн отурумда мекемелердин экологиялык жоопкерчилиги, туруктуу туризмди өнүктүрүү тажрыйбалары жанасуу коопсуздугу сыяктуу маселелер каралды. Магистрант Айкөл Белекова VOSviewer программасын колдонуу менен мекемелердин экологиялык жоопкерчилиги жана ишкердик этика боюнча 2016–2025-жылдар аралыгындагы илимий тенденциялардын библиометрикалык талдоосун сунуштады. Доц. док. Ибрахим Гүндогду, доктор Кымбат Асанова жана Бексултан Турешев Кыргызстандын Алай аймагында туруктуу туризмди өнүктүрүү тажрыйбаларын баалашты. Магистрант Айкелем Докторбекова Бишкек шаарынын мисалында шаар тургундарынын суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга карата экологиялык аң-сезимин изилдеди. Магистрант Жаңыл Махфурова, профессор Үмит Сормаз, Мустафа Йылмаз жана Ирфан Юрт 1993–2026-жылдар аралыгындагы изилдөө тенденцияларын, илимий-интеллектуалдык түзүлүштү жана тематикалык өнүгүүнү камтыган туруктуу туризм жана жергиликтүү коомчулуктар боюнча библиометрикалык талдоону сунушташты. Магистрант Жаңыл Махфурова жана Доц. док. Эмруллах Төрөн мөңгүлөргө көз каранды экономикадагы суу коопсуздугу маселесин карап, климаттык тобокелдиктерди, экономикалык чыгымдарды жана Кыргызстан үчүн мүмкүн болгон саясаттык багыттарды талкуулашты. Ал эми профессор Бесим Йылдырым жеке журналистиканын финансылык туруктуулугун журналисттин жеке брендин калыптандыруу, киреше булактарын диверсификациялоо жана санариптик платформаларга көз карандылык маселелеринин алкагында баалады.

Экологиялык булгануунун экономикалык чыгымдары жана жашыл каржылоо моделдери изилденди  

Доц. док. Фатих Кайхандын жетекчилиги алдында өткөн отурумда экологиялык экономикалык системаларды математикалык моделдөө, финансылык камтуучулук жана жашыл инвестициялар маселелери каралды. Доктор Чынара Табалдиева жана Доц. док. Элмира Абдылдаева математикалык моделдөө жана оптималдаштыруу теориясынын ыкмаларын колдонуу менен экологиялык жана экономикалык системаларга жүргүзүлгөн талдоолорун сунушташты. Алардын дагы бир изилдөөсүндө айлана-чөйрөнүн булганышына алып келген факторлорду эске алуу менен пайдалуулук функциясын оптималдаштыруу маселеси каралды. Доц. док. Разияхан Абдиева жана доц. док. Элис Бону Кыргызстандын жана Бениндин мисалында фермерлердин финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жана финансылык системага камтылышын салыштырмалуу изилдешти. Доц. док. Илья Никитинс Кыргызстандагы негизги капиталга инвестиция салуу тармагындагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн алкагында жашыл инвестициялар маселесин талдады. Доц. док. Фатих Кайхан 2014–2024-жылдар аралыгындагы мезгилди изилдеп, Түркиядагы өнүктүрүү банктарынын туруктуу инвестицияларды колдоо үчүн берген насыяларын карап чыкты. Ал эми магистрант Бүшра Доган Гүнал Кыргызстандын айыл жерлериндеги миграция маселесин, анын ичинде жерлерди пайдаланбай калтыруу же ижарага берүү рыногу аркылуу башка адамдарга өткөрүп берүү көрүнүштөрүн изилдеди.

Туруктуу жашоо образы жана жашыл трансформация онлайн секцияда талкууланды

Профессор Берна Ак Бингүлдүн төрагалыгы алдында онлайн форматта өткөн отурумда жашыл каржылоо, жасалма интеллектти башкаруу жана керектөөчүлөрдүн жүрүм-туруму изилденди.  Профессор Сема Йылмаз, профессор Клеменс Каттербауэр жана профессор Берна Ак Бингүл Африкадагы чөлдөшүүгө каршы күрөшүү жана жашыл каржылоо моделдерин Кытайдын бул багыттагы салымы менен бирге карашты. Профессор Сема Йылмаз жана профессор Клеменс Каттербауэр жасалма интеллектти башкаруу, маалымат борборлорунун кеңейиши жана Африкадагы суу коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Илимий кызматкер Демет Гедиз Айдогду жана илимий кызматкер Өзнур Айдынер Чакырел пландалган жүрүм-турум теориясынын алкагында жаш керектөөчүлөрдүн органикалык азык-түлүктү сатып алуу ниетин изилдеп, бул процессте экологиялык жана саламаттыкты сактоо боюнча аң-сезимдин ортомчу ролун талдашты. Профессор Дениз Дилара Дерели жана Доц. док. Элифе Акиш глобалдык климаттык саясаттан улуттук жөнгө салууларга өтүү процессинде Түркиянын көмүртексиз экономикага өтүү жолун сунушташты. Ал эми доктор Ферахнур Өзгөрен Шен туруктуу өнүгүүнүн алкагында айланма экономика жана маркетинг түшүнүктөрүн изилдөөгө арналган библиометрикалык талдоо менен бөлүштү.

Жашыл трансформация саясаты онлайн отурумдарда талкууланды

Доц. док. Нериман Хожаоглунун төрагалыгы алдында онлайн форматта өткөн отурумда жашыл энергетиканы жөнгө салуу, Европа Биримдигинин экологиялык саясаты жана санариптик трансформация маселелери каралды. Доц. док. Чигдем Өзары k-орточо кластерлөө ыкмасын колдонуу менен Европа жана Борбор Азиядагы жашыл энергетиканы жөнгө салуу боюнча көрсөткүчтөрдүн профилдерин картага түшүрдү. Доц. док. Нериман Хожаоглу Европа Биримдигинин экологиялык саясатынын жергиликтүү деңгээлдеги өзгөчөлүктөрүн көп деңгээлдүү башкаруу жана «Жашыл шаарлар келишими» (Green City Accord) алкагында талдады. Доктор Жэнета Телак Дурмиши университеттердин карьералык борборлорун туруктуу жумуш менен камсыз болууга багытталган стратегиялык башкаруу маселесин карап, санариптик инновацияларды, университеттер менен өнөр жай тармагынын кызматташтыгын жана жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнү бириктирүү жолдорун сунуштады. Доктор Аксу Самет, доктор Сойкан Агар, илимий кызматкер Сезен Самет жана Мартина Павловска Димковски мектептердеги санариптик трансформация жана кагазсыз иш жүргүзүү тажрыйбаларынын алкагында мугалимдердин ресурстарды туруктуу башкарууга өтүү процессин изилдешти. Ал эми доктор Аксу Самет, илимий кызматкер Мухамед Абази, Мартина Павловска Димковски, илимий кызматкер Альбина Юсуфи жана илимий кызматкер Сезен Самет мугалимдер менен окуучулардын экологиялык тынчсызданууларын жана энергияны үнөмдөөгө болгон мамилесин, жүрүм турумун жана педагогикалык натыйжаларын баалашты.

Жашыл каржылоо жана туруктуу инвестициялар онлайн секцияда каралды

Доц. док. Фатих Кайхандын жетекчилиги алдында онлайн форматта өткөн отурумда жашыл каржылоо, салык, энергияны үнөмдөө моделдери жана айланма экономиканы өнүктүрүүгө багытталган стимулдар изилденди. Профессор Африм Алиди Батыш Балкан өлкөлөрүндөгү жашыл каржылоо менен туруктуу экономикалык өсүштүн ортосундагы байланышты панелдик маалыматтарды талдоо ыкмасы аркылуу сунуштады. Доц. док. Теута Зенку, Доц. док. Букурие Имери Юсуфи, профессор Азир Юсуфи жана доктор Сара Муца чакан жана орто ишканалардагы жашыл инвестицияларды каржылоо маселесинде Түндүк Македониянын Батыш Балкандагы ордун жана негизги тоскоолдуктарды баалашты. Доц. док. Теута Зенку, доктор Лиридон Зенку жана Доц. док. Букурие Имери Юсуфи Түндүк Македониядагы экологиялык салык салуу жана абанын булганышы маселелерин укуктук жана экономикалык өңүттөн карашты. Доц. док. Теута Зенку, доц. док. Букурие Имери Юсуфи жана профессор Азир Юсуфи Батыш Балкан өлкөлөрүндө энергияны үнөмдөө жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган сандык моделди сунушташты. Доц. док. Жордан Делев жана доктор Назифе Жакупова Домазет айланма экономикага өтүү процессинде коммерциялык ишканаларга берилүүчү салыктык жеңилдиктерди Түндүк Македониянын мыйзамдык базасы жана Европа Биримдигинин тажрыйбасы менен салыштырып изилдешти. Ал эми доктор Мурат Унанооглу k-орточо кластердик талдоо ыкмасын колдонуу менен Европа жана Борбор Азиядагы жашыл бизнес тажрыйбаларынын жанаинновациялардын профилдерин сунуштады.

Туруктуу жашоо образы, экологиялык укук жана инновациялык изилдөөлөр талкууланды

Доц. док. Өмер Тугсал Дорук төрагалык кылган дагы бир онлайн отурумда көмүртексиз экономикага өтүү, туруктуулуктун кыймылдаткыч күчтөрү, экологиялык укук жана молекулярдык инновациялар боюнча илимий баяндамалар сунушталды. Доц. док. Бесиме Зибери, доц. док. Лиза Алили-Сулеймани, доц. док. Наваз Ахмад жана доц. док. Жолита Ввейнхардт Батыш Балкан өлкөлөрүндөгү көмүртексиз экономикага өтүүдөгү кыйынчылыктарды экономикалык өсүштөн натыйжалуулукка өтүү өңүтүнөн изилдешти. Доц. док. Лиза Алили-Сулеймани Европа Биримдигиндеги жана Батыш Балкандагы экономикалык туруктуулуктун негизги факторлорун панелдик маалыматтарды салыштырма талдоо аркылуу баалады. Доктор Аксү Самет, доктор Мартина Боцевска, Мартина Павловска Димковски, илимий кызматкер Сезен Самет жана профессор Валентина Велковски алма ширесинин концентратын өндүрүүдө физикалык-химиялык көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө маселесин өндүрүштүк сууну башкаруу жана экологиялык сапатты контролдоо өңүтүнөн карашты. Доктор Аксү Самет, профессор Валентина Велковски, доктор Катерина Геразова Эфремова жана илимий кызматкер Мухамед Абази мектеп окуучулары арасында экологиялык пландоону кабыл алуу жана долбоорлор аркылуу айлана-чөйрөнү коргоого катышуу маселелерин талкуулашты. Доц. док. Пакиза Туфекджи Түндүк Македонияда айлана-чөйрөнү кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында коргоо маселесин баалады. Ал эми доктор Сойкан Агар жана доктор Аксү Самет өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн молекулярдык инновацияларга айландыруу багытында азык түлүктөн алынган эллаг кислотасы менен мирицетинди VEGFR1 жана VEGFR2 молекулалык буталарына багыттоо үчүн компьютердик моделдөө (in silico) аркылуу оптималдаштыруу боюнча изилдөөлөрүн сунушташты.

Аба транспорту, гастрономия жана кырсыктарды башкаруудагы туруктуулук талкууланды

Доц. док. Илкер Оруч жетектеген акыркы онлайн отурумда көмүртек изи, суу изи, жасалма интеллектти колдонуу, кырсык тобокелдиктери жана башкаруу стратегиялары каралды. Окутуучу Хамза Жейлан жана доц. док. Абдуллах Ограк аба транспорту тармагындагы көмүртек изин азайтуу үчүн энергияны трансформациялоо жана натыйжалуулукту жогорулатуу жолдорун изилдешти. Окутуучу Рашит Бакан жана доц. док. Эмруллах Төрен Газиантеп шаарынын мисалында географиялык көрсөткүч менен корголгон тамактар камтылган гастрономиялык туризм менюларынын суу изин талдап беришти. Доктор Дамла Эрдем жана доц. док. Эмруллах Төрен жасалма интеллекттин жекелештирилген мүмкүнчүлүктөрү эс алуу жана рекреация тармагын канчалык деңгээлде туруктуу кыла аларын талкуулашты. Магистрант Күбра Узунйол жана доц. док. Абдуллах Ограк кырсыктарды комплекстүү башкаруу көз карашынан Мармара аймагындагы кырсык тобокелдиктерин азайтуу пландарына SWOT-талдоо жүргүзгөн изилдөөсүн сунушташты. Магистрант Мехмет Хилми Доганай жана доц. док. Абдуллах Ограк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ар кандай макамдагы кызматкерлерди ишке алуу тартибин жана андан келип чыккан көйгөйлөрдү конкреттүү окуяны талдоо аркылуу көрсөтүштү. Ал эми окутуучу Өзкан Баки Түндүк Македониянын курулуш тармагындагы изилдөөлөрдүн негизинде туруктуу инвестициянын негизи катары уюмдун маданиятын, жетекчилик стилдерин жана кызматкерлердин иш натыйжалуулугун баалады.

Математикалык моделдер, жасалма интеллект жана туруктуулук онлайн отурумда талкууланды

Доц. док. Орхан Жеңгиз төрагалык кылган онлайн секцияда жасалма интеллектти башкаруу, тышкы соода, радиацияны болжолдоо жана шаарлашуу моделдери каралды. Доц. док. Андрияна Бояджиевска-Даневска жасалма интеллект, башкаруу ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтеги боштуктар маселелерин талдады. Доц. док. Орхан Жеңгиз эки өзүнчө изилдөөсүн сунуштады. Биринчи изилдөөсүндө Европа Биримдиги менен Түркияда чыгармачыл товарлардын экспортундагы салыштырмалуу артыкчылыктарды талдады. Экинчисинде CIVETS өлкөлөрүндө институттардын жана аманаттардын учурдагы эсеп балансын туруктуу сактоодогу ролу боюнча эмпирикалык жыйынтыктарды бөлүштү. Магистрант Айбийке Анарбекова жана доц. док. Элла Абылаева радиациялык фонду болжолдоодо жасалма интеллект жана машиналык үйрөнүү ыкмаларын колдонуу боюнча сереп баяндамасын сунушташты. Ал эми илимий кызматкер Мурат Берк Эврен жана доц. док. Сервер Фунда Керестежиоглу климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу шаардык түзүлүштү калыптандыруу үчүн морфометриялык классификацияга негизделген көп максаттуу оптималдаштыруу моделин тааныштырышты.

Бишкек шаарындагы транспорт жана жашыл технологиялар бааланды

Профессор Мээрим Имаш кызы жетектеген онлайн отурумда шаар ичиндеги транспорт системалары, саркынды сууларды тазалоо жана энергетикалык дипломатия маселелери каралды. Профессор Мээрим Имаш кызы Бишкек шаарындагы транспорт системасын экологиялык жактан жакшыртуу жана транспорттон чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн азайтуу жолдорун учурдагы абал жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү менен байланышта сунуштады. Магистрант Нурбол Абдикалилов жана доц. док. Кубат Кемелов күрүчтүн кабыгынан активдештирилген көмүр өндүрүү жана аны текстиль өндүрүшүнөн чыккан саркынды сууларды тазалоодо колдонуу маселесин изилдешти. Окутуучу Хаган Мирзадаза Азербайжандагы жашыл энергетика стратегиясы, энергетикалык дипломатия жана кайра жаралуучу энергия өндүрүшүнүн өз ара байланышын баалады. Ал эми магистрант Фарид Абиев жана доц. док. Абдусаттор Абдурахманов мунай-газ тармагында жашыл технологияларды колдонуунун экономикалык натыйжалуулугун баалоо боюнча изилдөөлөрүн сунушташты.

Түрк мамлекеттери уюмунун жашыл энергетикалык коридорлору жана шаарлардагы аба менен ызы-чуу булганышы изилденди

Доктор Аднан Сеяз төрагалык кылган бир онлайн отурумда жашыл инновациялар, аймактык энергетикалык коридорлор жана айлана-чөйрөнүн булганышын өлчөө маселелери боюнча баяндамалар сунушталды. Магистрант Нижат Гусейнов жана доц. док. Мелтем Окур Динчсой Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мисалында жасалма интеллектти колдонуу менен жашыл инновациялардын ортосундагы байланышты салыштырма талдоо аркылуу карашты. Доктор Аднан Сеяз Борбор Азиянын көз карашынан Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы жашыл энергетикалык коридорлорду жана туруктуу өнүгүү саясатын тааныштырды. Доктор Өзкан Чапраз Сакария шаарында 2019–2025-жылдар аралыгында жети жыл бою топтолгон абадагы бөлүкчөлөрдүн (PM) булганышы боюнча маалыматтарды талдады. Ал эми доктор Кубат Кемелов Бишкек шаарындагы жол кыймылынан пайда болгон ызы-чуунун булганышын баалоого багытталган изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады

 

    Социалдык медиада бөлүшүү