Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) келип, ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Абдулазиз кары Закиров Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен кызмат ордунда жолугушту.
Муфтий Закиров КТМУнун Абдулкерим Сатук Буура хан мечитинде жума намазын окуду. Намаздан кийин университеттин академиялык жана административдик кызматкерлерине, ошондой эле студенттерине дуба кылды. Ал «Манас» үй-бүлөсүнө ынтымак жана биримдик, окутуучулардын ишине, студенттердин окуусуна ийгилик каалап, университеттин мындан ары да өнүгүшүнө тилектештигин билдирди.