Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаранын алкагында шамана жүрүшү өттү.
Чыңгыз Айтматов атындагы студенттер шаарчасында Республика күнүнө карата уюштурулган жүрүшкө университеттин академиялык курамы, кызматкерлери жана студенттери катышты. Республика күнү түрк желектери жана жөө жүрүш менен коштолуп, кампус шаңдуу маанайга бөлөндү.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхына жана Түркия Республикасы кандай шарттарда түптөлгөнүнө токтолду. Ал түрк эли тарыхта ар түрдүү мамлекеттерди түзүп, түпкү тамыры бир болгон бүтүндүктү түзөрүн белгилеп: «Биз бир дарактын тамырынан тараган бутактарбыз. Түрк кайсы жерде болсо, биз да ошол жердебиз», — деди.
Түркия Республикасынын негизделүү учурундагы кыйынчылыктарды эске салган Жейлан Улуттук боштондук күрөшүнүн негизги принциптеринин бири болгон «Мекен — бир бүтүн, аны бөлүүгө болбойт. Мандатчылыкка жана камкордукка жол берилбейт» деген сөздөрдү эске салды. Жаштарга кайрылып, түрк элинин келечектеги интеллигенциясы болуп калыптана турган студенттер Республиканы улантып, анын баалуулуктарын сактай турган муун экенин айтты. Ошондой эле университет жаштардын мыкты билим жана тарбия алышы үчүн аракетин улантарын билдирди.
Сөзүндө Жейлан 1916-жылы болгон Үркүн окуяларына да токтолуп, курман болгон ата-бабаларды жана өлтүрүлгөн 138 интеллигентти унутпоо керектигин баса белгиледи. Ал жаштар өткөн муундан калган мураска ээ болуп, ата-бабаларына татыктуу инсан болуп өсүшү маанилүү экенин айтты.
Республиканын түбөлүк жашай турганын белгилеген Жейлан сөзүн "Манас" университетинин салтына ылайык катышуучуларды биримдикке чакыруу менен жыйынтыктады. Университет жамааты менен бирге «Бир бололу!» деген чакырыгын кайталап, бардык катышуучуларды Республика күнү менен куттуктады.