Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 13-саммитинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин билим берүү тармагына кошкон салымын баса белгиледи. Ал университеттин тажрыйбасын башка боордош өлкөлөр менен биргелешкен билим берүү мекемелерин түзүүдө колдонууга болорун белгиледи.
Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 13-саммити Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгы астында 2026-жылдын 30-октябрында Анкара шаарында өткөрүлдү. «Түрк кылымы: Тилде, пикирде, иште биримдик» урааны алдында өткөн саммитте билим берүү, маданият, экономика, транспорт жана стратегиялык коммуникация тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров билим берүү тармагындагы баяндамасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) токтолду. Университеттин Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымын баса белгилеген Жапаров, эки өлкөнүн биргелешкен жогорку билим берүү тажрыйбасы түрк дүйнөсүндөгү жаңы билим берүү кызматташтыктары үчүн үлгү боло аларын билдирди.
Жапаров: «"Манас" университетинин ийгиликтүү тажрыйбасын өзгөчө белгилеп кетким келет»
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ийгиликтүү тажрыйбасына токтолгон Садыр Жапаров университет негизделгенден бери өлкөнүн билим берүү тармагына 80 миллион АКШ долларынан ашык каражат жумшалганын белгиледи.
Президенттин бул пикири КТМУнун Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ээлеген ордун белгилеп, түрк өлкөлөрүнүн биргелешкен жогорку билим берүү демилгелеринин күн тартибине чыкты. Университеттин моделин түрк дүйнөсүндөгү башка өлкөлөрдө да биргелешкен билим берүү мекемелерин түзүүдө пайдалануу сунушу саммиттин билим берүү тармагындагы маанилүү маселелеринин бири болду.
Анкара декларациясында билим берүү, орток алфавит жана илимий басма сөз баса белгиленди
Саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган Анкара декларациясында түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти туруктуу стратегиялык кызматташтык аркылуу чыңдоо максаты коюлду. «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» алкагында ТМУнун 2027–2031-жылдарга карата стратегиясын ишке ашырууга чакырык жасалды.
Маданият жана билим берүү тармагында орток түрк алфавитине өтүү багытындагы иштердин маанилүүлүгү айтылып, Түрк академиясынын алфавитти жайылтуу жана ушул алфавитте илимий жана адабий эмгектерди басып чыгаруу боюнча аракеттери жогору бааланды. Ошондой эле медиа тармагында стратегиялык коммуникацияны өнүктүрүү жана дезинформацияга каршы күрөшүүдө кызматташтыкты арттыруу маселелерине токтолуп өттү.
Эрдоган: «Конкреттүү кадамдарды аныктадык»
Президент Режеп Тайып Эрдоган саммитте кабыл алынган чечимдерге баа берип жатып: «Бүгүн биз кабыл алган Анкара декларациясы жана чечимдер менен бирге «тилде, пикирде, иште биримдик» урааныбыздын негизинде конкреттүү кадамдарды белгиледик», – деди.
Түркия төрагалыкты Азербайжандан кабыл алган бул саммитте экономикалык мамилелерди тереңдетүү, Орто коридорду өнүктүрүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду көбөйтүү сунуштары да каралды. Кийинки кезезектеги саммит 2027-жылы Өзбекстанда өтөөрү айтылса, Кыргызстандын 2027-жылдагы расмий эмес саммитке кожоюндук кылуу сунушу кабыл алынды.