Кыргызстандагы татаалдыктарды жеңүү: Постсоветтик контексттеги түрк мигрант ишкердиги

Мигранттардын ишкердиги — бул экономикалык өсүштү колдогон, маданий ар түрдүүлүктү арттырган жана коомдук интеграцияны бекемдеген маанилүү динамика. Бул алкакта изилдөөнүн негизги максаты — постсоветтик мезгилде көз карандысыздыкка ээ болгон Кыргызстандагы Түркия жарандыгы бар мигрант ишкерлердин бизнес стратегияларын, мүмкүнчүлүктөрүн жана туш болгон кыйынчылыктарын изилдөө болуп саналат. Мындан тышкары, мигрант ишкердигинин бул өзгөчө контексттеги динамикасын жана "аралаш камтылгандык" (Mixed Embeddedness) теориясына салым кошууну көздөйт. Аралаш камтылгандык теориясы мигрант ишкерлердин ийгилиги жеке аракеттерине гана эмес, алар жашаган социалдык тармактар жана экономикалык түзүмдөр менен болгон байланыштарына да көз каранды экенин далилдейт. Өзгөчө эгемендүүлүктөн кийинки Кыргызстан сыяктуу институционалдык түзүмү туруксуз болгон экономикалардагы мигранттар өз бизнес стратегияларын социалдык тармактарын жана диаспоралык байланыштарын колдонуу менен өнүктүрүшөт.

Түрк ишкерлери бул татаал чөйрөдө экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен бирге түзүмдүк кыйынчылыктарга да туш болушат. Бул процессти изилдөө үчүн аталган эмгекте Түркиялык мигрант ишкерлердин социалдык капитал жана маданий жакындык сыяктуу этникалык жана маданий капиталдан кантип пайдалана тургандыгы жана институционалдык боштуктардан келип чыккан тоскоолдуктарды жеңүү үчүн кандай стратегияларды иштеп чыккандыгы изилденет.

  • Долбоордун жетекчиси: доц. м. а., д-р Мурат АВЖЫ

  • Долбоордун номери: KTMU-BAP2025.SB.10

  • Мөөнөтү: Март 2025 – Сентябрь 2026