«Эй адамдар! Силерди жана силерден мурункуларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, балким такыба болоорсуңар». (Бакара, 21)
Эй адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында, кыяматтын силкинүүсү улуу нерсе. (Кыяматта жердин силкинүүсү өтө коркунучтуу, үрөй учурган окуя.) Ал күнү эмчек эмизген аялдар эмизген баласын унутушат, боюнда бар аялдар курсагындагы баланы түшүрүп койот. Адамдардын мас абалында жүргөндөрүн да көрөсүң. Бирок алар мас эмес; Анткени Алланын азабы Кыямат коркунучу катуу! Хаж сүрөсү 1-2-аяттары.
«Эй адамдар! Силерди да, силерден мурункуларды да жараткан Раббиңе ибадат кылгыла! ошондо Алланын урматтуу пенделеринен болосуңар». (Бакара, 21)
“Рамазан айы, (ушундай бир өзгөчө ай) бул айда адамдарга туура жол көрсөтүүчү хидаят жана туура жана туура эмести айырмалап, фуркан далил катары Куран түшүрүлдү. Силерден кимде-ким (жаңы) айды көрсө – орозо кармасын. Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллах силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Бакара, 185-аят).
«Эй, ыйман келтиргендер! Орозо мурдагы коомдорго парз кылынгандай, Алладан коркушуңар үчүн силерге да парз кылынды». (Бакара сүрөсү, 183 – аят).
Алла асмандар менен жерди жаратып, асмандан жамгыр жаадырат жана аны менен силердин ырыскыланууңар үчүн мөмө жемиштерди чыгарды. Деңизде Анын уруксаты менен сүзүп жүрсүн үчүн силерге кемени башкартты. Ошондой эле дарыйаларды да силерге баш ийдирди. Ал силер үчүн Күндү жана Айды башкарды, алар токтоосуз айланышат. Ошондой эле силерге түн менен күндүздү да башкарып берди. Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Алланын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар. Акыйкатта, инсан заалым жана шүгүр келтирбейт. (Ибрахим сүрөсү, 32-34)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Мактоолор Аллахка гана таандык. Ал ааламдардын Раббиси. Ал кечиримдүү да, Ырайымдуу. Ал эсеп күнүнүн башкаруучусу. (Оо, Аллах) биз Сага гана сыйыныабыз, Сенден жардам сурайбыз. Бизди туура жолго хидаят бергин. Сен нээмат бергендердин жолуна, каарыңа калгандардын жана адашкандардын жолуна эмес. (Амин) (Фатиха сүрөөсү, 1-7)