Жума кутбасы, Мусулман – бул колу менен да, тили менен да эч кимге эч кандай зыян келбей турган адам.

У.м.б.т. Ырайымдуу Алла Таала адам баласын жаратты. Анын дуйнөдө ж/а акыретте бактылуу болушу үчүн намаз, зекет, орозо ж/а ажылык сыяктуу ибадаттарды парз кылды. Ыйман келтирген киши, бул ибадаттарды аткарып руханий деңгээли көтөрүлөт, акыретке пайдасы тийе турган жакшылыктарды чогултат. Бирок кээбир кишилер, акыретте чогулткан жакшылыктарынан куру калышат. Соодагер акчасын, мал мүлкүн, байлыгын жоготуп банкрот болгондой, бул адамдар дагы банкрот болушат. Эмне үчүн банкрот болушат? Анткени бул кишилер парз болгон ибадаттарын толук, кемитпей аткарганы менен, башка адамдарга көрсөткөн орой мамилесинен, моралдык жана материалдык зыяндарды келтиргендигинен улам ушундай абалга кабылышат. Кундөрдүн биринде Пайгамбарыбыз с.а.в. сахабаларына кайрылып “ Банкрот болгон ким билесиңерби?- деп сурайт. Сахабалар биздин пикирибизде банкрот, бул, акчасы, мал мүлкү зыянга учураган соодагер киши деп айтышты. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.) минтип айтты: Уммөтүмдүн ичинен чыныгы банкрот болгон киши, бул, кыямат куну намаз, орозо ж/а зекеттин cооптору менен келген, ошону менен бирге бирөөнү сөгүп көңүлүн ооруткан, башка бирөөгө зына кылды деп жалаа жапкан, бирөөнүн акысын жеген, тигинин канын төгүп, башка бирөөсүн токмоктогону учүн сооптору таратылат. Адам акысы бутпөй ал кишинин сооптору түгөнүп калган болсо, ага таяк жегендердин күнөөлөру жүктөлүп тозокко киргизилген киши” У. Ж. Демек, мусулман киши бир гана намаз, орозо, зекет сыяктуу ибадаттар менен чектелбейт, ибадаттарды аткаруу менен бирге жашаган аялына, балдарына, ата-энесине, кошуналарына, досторуна, коомдук транспортто бирге жүргөн адамдарга, кол астында иштеген жумушчуларга, жалпы мамиле түзгөн адамдарга карата жылуу, жумшак мамиле кылуусу керек. Жылуу мамиле бул мусулмандын кулк-мунөзү болууга тийиш. Жакшы сөз, жылуу мамиле ар бир адамдын жашоосун бейиш кылат. Ошондуктан жакшылыктарды тараткан Алла Тааланын сүйүктүү пенделеринен болууга аракет кылалы. Жакшы, жылуу мамиле жашообузга көрк, береке алып келеерин унутпайлы. Дайыма колу менен, тили менен пайда алып келген инсандардан бололу. Пайгамбарыбыз с.а.в. куттуу бир хадисинде: “ (Чыныгы) Мусулман ушундай киши, мусулмандарга тили менен, колу менен зыян келтирбейт” деп айткан. У.Ж. Элибизде тили менен, колу менен пайдалуу болгон Алланын сүйүктүү пенделери көп болсун. У.Ж. Адам акысына маани берели. Бирөөлөрдүн айып, кемчиликтерин сүйлөөдөн ж.б. күнөө иштерден алыс бололу. Руханий ооруулардан арылалы. Ким жакшы иштерди жасаса, ал – өзү үчүн. Ал эми ким жаман иштерди жасаса (да) өзүнө. Алла Таала – пенделерине зулумдук кылуучу эмес. Фуссилат, 46