Дин түшүнүгү

       Диндин сөздүк мааниси: Үрп-адат, жаза жана сыйлык, моюн сунуу, эсеп-кысап, үстөмдүк жана жеңиш, башкаруу жана мал-мүлк, өкүм жана буйрук, кабыл болгон ибадат, улут, шарият деген маанилерди өз ичине камтыйт. Диндин терминдик мааниси: Дин – акыл-эстүү адамдарды өз тандоолору менен бул дүйнө жана акыретте бактылуулукка алып баруучу Кудайдын мыйзамы. Ислам аалымдарынын көз карашында чыныгы динди эске алуу менен төмөндөгүдөй аныктама беришкен. Алардын аныктамасында дин Жараткан Кудайдын буйругунун негизинде экени баса белгиленет. Буга ылайык, чыныгы дин адамдар тарабынан ойлоп табылган эмес. Бул аныктамада диндин акыл жана эрк менен болгон байланышына көңүл бурулган. (İlmihal-I, Diyanet İşleri Başkanlığı)