Ыйман негиздери

Ислам дининде ишенимдин негиздери илмухал китептеринде «ааманту» термини менен айтылат.

Ыймандын эң биринчи шарты – Аллахка ишенүү болуп саналат.

А) Аллахка ишенүү:

Ааламды жараткан жана башкаруучу жалгыз жана эң жогорку Зат болгон Алла Таалага ыйман келтирүү ыймандын эң биринчи жана негизи.

Аллах – түбөлүктүү бар болгон жана бардык мактоого татыктуу улуу Заттын ысымы.

Аллахка ишенүү – бул Аллахтын бар экенине жана жалгыз экендигине ошондой эле Ал бардык кемчиликтерден аруу экендигине ишенүү.

Аллахка ишенүү адамдын (фытратынан) табиятынан болгондуктан, нормалдуу шарттарда чөйрөнүн терс таасирине кабылбаган адам Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын кабыл алышы керек.

Баарын билүүчү жана кудуреттүү Аллахка ишенүү балагатка жеткен ар бир акылдуу адамдын эң биринчи жана негизги милдети.

Аллахка туура ишенүүнүн аты – “таухид”. Баардык пайгамбарлардын адамдарга жеткирген биринчи акыйкаты – таухид. Исламда тавхид сөзү "Ла илааха иллаллох, Мухаммадун Расулуллах" деп айтылат. Мааниси : "Алладан башка кудай жок жана Мухаммад Алланын пайгамбары" дегенди билдирет.

(Илмухал-I, Дин иштери боюнча башкармалык)