Ыйман негиздери А) Аллахка ишенүү: Алланын сыпаттары:

1- Жеке сыпаттар: Булар Алла Тааланын затына гана тиешелүү болгон сыпаттар. Бул сыпаттар Аллахта гана бар, эч бир макулукта жок. Бул сыпаттарды эч бир жаратылган затка берүү туура эмес.

1. Вужуд: Бар болуу дегенди билдирет. Кудай бар жана анын бар болушу өзүнөн. Анын жоктугу ойго да келбейт.

2. Кыдам: Түбөлүк болуу – башталышы жок дегендик.

3. Бакаа: Туруктуу болуу. Бул анын бар болушунун аягы жок болбоо, түбөлүк бар болуу дегенди билдирет.

4. Вахданият: Аллах Тааланын затында, сыпаттарында жана амалдарында жалгыз экендигин, анын жубайы, окшошу жана шериги жок экендигин билдирет.

5. Мухалафатун лилхаваадис: Кийин болуп өткөн эч нерсеге окшошпоо.

6. Кыям би нафсих: Анын бар болушу, бар болуу үчүн башка бир затка муктаж эмес дегендик.

(Илмухал-I, Дин иштери боюнча башкармалык)