Ыйман негиздери Д) Пайгамбарларга ишенүү: Пайгамбарлардын сыпаттары:

Ар бир пайгамбардын адамдык касиетинен башка да сыпаттары болушу керек. Бул сыпаттар төмөнкүлөр.

1- Сыдк: Ар бир пайгамбар чынчыл инсан. Алар эч качан калп айтышпайт.

2- Ишеним: Бардык пайгамбарлар ишенимдүү адамдар. Алар эч качан ишенимге чыккынчылык кылышпайт.

3- Исмет: Күнөө кылбоо, күнөөдөн сактануу. Пайгамбарлар өмүрүндө эч качан ширк жана каапырчылык деп эсептелген күнөөлөрдү жасашкан эмес. Айрыкча пайгамбарлыктан кийин алар атайылап күнөө кылышкан эмес.

4- Фатанет: Пайгамбарлардын акылдуу, зирек, сергек экендигин билдирет.

5-Таблиг: Пайгамбарлардын Алла Тааладан алган буйрук жана тыюуларды үммөтүнө толук жарыялоосу.

(Илмухал-I, Түркия Дин иштери боюнча башкармалык)