Ыйман негиздери E) Акыретке ишенүү:

Акырет сөзү араб тилинен которгондо «акыркы, кийинки жана акыркы күн» дегенди билдирет.

Термин катары акырет деген Исрафил аттуу периште сурнай тартып, кыяматтын башталганын билдиргенде баштала турган түбөлүк жашоо деп аталат. Ошол эле периште экинчи жолу сурнай тартканда адамдар кайрадан тирилтилип эсепке тартылат, андан кийин дүйнөдө ыйманына, амалдарына жараша азап жана сооп болот. Бейиштегилер бейишке кирет, ал эми тозоктогулар тозокко кирип, ошол жерде калат.

Акыретке ишенүү – ыймандын негиздеринин бири. Куранда «ал-йаумуълахир», б.а. «акыркы күн» деп айтылып, Аллахка ишенгенден кийин эскерилет.

Акыретке ишенбеген адам Куран аяттарын жокко чыгарганы үчүн каапыр болот.

(Илмихаал –I Дин иштери бойунча башкармалык)