Мээримдүүлүктө күндөй бол. Берешендикте аккан суудай бол. Жөнөкөйлүктө жердей көтөрүмдүү болгула. Күнөөлөрдү жабууда түн сыяктуу болгула! (Мевлана Желаледдин)
Кийимдин эң коозун өзүңө алгын, тамактын таттуусун башкаларга тартуула. Конокторуңа көптөгөн таттууларды тартууласаң, ошондо сенин аброюң элге жайылат. (Кашгарлы Махмут)
Акылдын көркү – тил, тилдин көркү – сөз. Адамдын көркү – жүз, жүздүн көркү – көз. (Жусуп Баласагын) Ачыктоо: Акылдын жемиши – тил, тилдин жемиши – сөз. Муну ушундай деп түшүнсөк болот: Адамдын сулуулугу жүзүнө чачырап турат.. Жүзүндөгү сулуулук адамдага көрүнүп турат.
Кабатыр болбо, баары өлөт. Кээ бирлери жерге көмүлсө, кээ бири жүрөккө... (Мевлана Желаледдин) Түшүндүрмө: Бардык адамдар сөзсүз бир күнү өлөт. Ал эми башкаларга пайдасы тийбей жашагандар өлгөндөн кийин көп деле эскерилбейт. Бирок, башкаларга пайдалуу болгон, жашоосунда жакшы из калтырган адамдар өлсө да жакындарынын жүрөгүндө жашай берет. (Мевлана Желаледдин)
Бирөөнүн жүрөгүн жаралап, көңүлүн оорутсаң, окуган намазыңдын сообун ала албайсың. Даарат алуу – бул бир гана колду, бетти жубуу менен эле чектелбейт, чыныгы кул пенде болууга даярдануу. Даарат алуудагы негизги максат колду жана бетти жуу эле болсо, анда мусулман эместер да бети колун жууп жатпайбы. (Юнус Эмре)
Адамдардын катасын жүзүнө айтпагыла. Тескерисинче, башкаларды үлгү катары көрсөтүп, каталарынан баш тарттырууга, түзөөгө аракет кылгыла. (Аз. Али (р.а.)