Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Курман айт күнү мындай деп айтты: «Бүгүн биздин эң биринчи милдетибиз (айт) намазын окуу, андан кийин кайтып келип курмандык чалуу. Бул иштерди кылгандар биздин сүннөтүбүзгө амал кылып жатышат». (Бухари, Ийдейн, 3)
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Ким күнөө кылып, андан кийин өкүнүп, жакшы даарат алса, анан туруп, эки рекет намаз окуп, Алладан кечирим сураса, Аллах аны сөзсүз кечирет. (Абу Давуд, Витр, 26)
Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бир киши келип: «Момундардын кайсынысы эң жогору?» – деп сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): « Адеп-ахлагы эң кооз болгон киши», - деп жооп берди. Ошондо ал киши: “Анан кайсы момун акылдуураак?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Өлөөрүн эстеген жана акыретке эң жакшы даярданган адам», - деп жооп берди. (Ибн Мажа, Зухд, 31)
Пайгамбардан (с.а.в.) кайсы убакта дуба тезирээк кабыл болот деп сурашты. Ал айтты: «Түн ортосунан кийинки намаздарда жана парздардан кийинки намаздарда». (Тирмизи, Даават, 79)
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деди: «Оо, Аллах! Сага кайгы-кападан, жалкоолук менен сараңдыктан, коркоктуктан, карызга батуудан жана элдин кыжырдануусунан баш калкалайм». (Бухари, Даават, 40)