Азирети. Айша энебиз айтат: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Рамазандын акыркы он күнүндө итикаф кылчу. «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он күнүндө издегиле» деп айтчу. (Бухари, Фадлу лайлати'л-кадр, 3)
Пайгамбарыбыз (сав) айтты: «Саарлыкка тургула. Анткени саарлыкта береке бар».. (Муслим, Сиям, 45)
Пайгамбарыбыз (сав) айтты: «Рамазандан кийинки эң фазилеттүү орозо – бул Аллахтын айы болгон Мухаррам айында тутулган (орозо). Парз намаздан кийинки эң фазилеттүү намаз – түнкү намаз». (Муслим, Сиям, 202)
Пайгамбарыбыз (сав) айтты: «Ким Рамазан айынын орозосун бекем ишеним жана ыклас менен кармаса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, Ыйман, 28)
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Берекелүү Рамазан айы (босогоңорго чейин кирип) келди. Улуу Алла Таала бул айда орозо кармоону силерге парз кылды. Бул айда бейиштин эшиктери ачылат, тозоктун эшиктери жабылат жана азгырган шайтандар байланат». (Несаи, Сиям, 5)
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) минтип дуба кылчу эле: «Оо, Жараткан Аллах! Коркпогон жүрөктөн, кабыл болбогон дубадан, тойбогон напсиден жана пайда бербеген илимден Сенден паана тилейм». (Тирмизи, Даават, 68)
Абу Хурайра риваят кылат: «Пайгамбарыбыздан (сав) адамдардын бейишке киришине себепкер болгон амал кайсы деп сурашат; Алланын элчиси саллаллаху алейхи васаллам айтты: «Аллахтан коркуу жана жакшы адеп ахлак» деп буйурду. (Тирмизи, Бирр, 62)