2023-03-30

2023 РАМАЗАН ПАНЕЛИ


“Рамазан панели” Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин теология факультети тарабынан уюштурулду.

2023-жылдын 15-мартында Касым Тыныстанов конференция залында өткөн панелге академиктер жана студенттерден тышкары жарандар да катышты.

Панель менен университеттин мүчөлөрүн жана коомчулукту Рамазан айынын алдында кабардар кылуу жана Рамазанды көбүрөөк аң-сезимдүү жана эффективдүү түшүнүүгө салым кошуу максатталган. Коллегиянын модератору, Теология факультетинин Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы Проф. док. Бекир Татлы, «Рамазан жана Азирети Пайгамбар"; И.о. доц. док. Айтмамат Кариев, “Рамазан жана орозодогу фикх фарздары”; Ага окутуучу Док. Хаиитмирза Соттолдиев, «Рамазан жана Куран»; Шейит Эрен Бүлбүл ден соолук борборунун директору док. Гүлфия Губайдуллина «Рамазан жана туура тамактануу» деген темада баяндама жасады.

Жыйын аудиториянын суроолоруна жооп берүү жана панелдин катышуучуларына ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.