2023-03-30

"Берекелүү Рамазан" Аялдар үчүн программасы: "Намаз бейиштин ачкычы" аттуу семинар (Миргүл Бекмурзаева)


28.03.2023-жылы Сатук Бугран Хан мечитинде аялдарга арналган «Мубарак Рамазан» программасынын алкагында «Намаз бейиштин ачкычы» аттуу семинар болуп өттү. Семинарды КТМУнун теология факультетинин инструктору Миргүл Бекмурзаева өткөрдү. Баяндамачы өзүнүн семинарында намаздын мусулмандардын жашоосундагы маанисине токтолду. Баяндама зор кызыгуу менен угулду. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду.