2023-03-30

Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Орозонун фикх өкүмдөрү" аттуу семинар (Эльвира Тагаева)


30.03.2023-жылы Сатук Бугран Хан мечитинде аялдарга арналган «Берекелүү  Рамазан» программасынын алкагында «Орозонун фикх өлчөмү» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды КТМУнун теология факультетинин докторанты Эльвира Тагаева өткөрдү. Семинарда орозо кайсы учурларда бузулуп, кайсыл учурларда кармалбай тургандыгы талкууланды. Баяндама зор кызыгуу менен угулду. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду.