2023-04-04

Айымдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Куран окуунун пазилеттери" аттуу семинар (Алтынай Курманбекова)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү  Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Алтынай Курманбекова 03.04.2023-жылы “Куран окуунун пазилеттери” аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду.