2023-04-04

Айымдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Тил орозосу" боюнча семинар (Миргүл Бекмурзаева)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында 04.04.2023-жылы Теология факультетинин окутуучусу Миргүл Бекмурзаева «Тил орозосу» темасында семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду.