2023-04-10

Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Исламдагы ишкердик" аттуу семинар (Айгерим Кадырбекова)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин бүтүрүүчүсү Айгерим КАДИРБЕКОВА 08.04.2023-жылы “Исламдагы ишкердик” темасында семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду. Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы Рамазан айынын аягына чейин уланат.