2023-04-10

"Берекелүү Рамазан" Аялдар үчүн программасы: "Рамазан айынын акыркы 10 күнү" семинары (Айганыша Кангелдинин кызы)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин бүтүрүүчүсү Айганыша Кангелди 09.04.2023-жылы «Рамазан айынын акыркы 10 күнү» аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду. Аялдар үчүн "Мубарак Рамазан" программасы Рамазан айынын аягына чейин уланат.