2023-04-10

Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Пластикалык хирургиянын диний жоболору" аттуу семинар (Нуриза Келдибек кызы)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "берекелүү Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин аспиранты Нуриза Келдибек кызы 10.04.2023-жылы “Эстетикалык хирургиянын диний жоболору” аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду. Аялдар үчүн "беркелуу Рамазан" программасы Рамазан айынын аягына чейин уланат.