2023-04-13

Айымдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Сабыр" темасында семинар (Дилноза Рахматиллаева)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин докторанты Рахматиллаева Дилноза 11.04.2023-жылы “Сабыр” темасында семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду. Аялдар үчүн беркелүү Рамазан" программасы Рамазан айынын аягына чейин уланат.