2023-05-04

Айымдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Аялдардын өзгөчө шарттары" аттуу семинар (Эльвира Тагаева)


18.04.2023-жылы КТМУнун Сатук Бугра Хан мечитинде «Берекелүү Рамазан» программасынын алкагында Теология факультетинин PhD докторанты Эльвира Тагаева «Аялдардын өзгөчө шарттары» аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга белектер тапшырылды. Семинардан кийин суроолорго жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары аяктаган хатым дубасы окулду. Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы Рамазан айынын аягына чейин уланат.