2023-05-04

Аялзатына арналган "Берекелүү Рамазан" программасы жыйынтыкталды


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы Рамазан айы бою уланып, 20.04.2023-жылы ийгиликтүү аяктады. 20.04.2023-жылы Теология факультетинин окутуучусу Миргүл Бекмурзаева, кенже илимий кызматкер Жазгүл Жолалиева, кенже илимий кызматкер Алтынай Курманбекова жана PhD докторанты Дилноза Рахматиллаеванын салымдары менен «Берекелүү Рамазан» программасы жабылды. Жыйынтыктоочу программада теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан жалпы баа берүү сөздөрү айтылды. Теология факультетинин студенттери гимндерди ырдап, оюн-зоок уюштурушту. Программанын соңунда  күндө «Куттуу Рамазан» программасына активдүү катышкан айымдарга дем берүүчү белектер тапшырылып, программа кызыгуу менен жыйынтыкталды.