2023-10-09

Тавхиддин адеп-ахлактык өнүттөн чечмелениши


2023-жылдын 4-сентябрында саат 15.30да Теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык агай  “Таухиддин адеп-ахлактык чечмеленүүсү” аттуу  конференциясын  өткөрдү.

Проф. док. Хасан Айык конференциянын кириш сөзүндө  сөзүн Ислам ишениминин негизи болгон Таухид ишеними жалпысынан теологиялык жактан чечмеленгенин айтып, анын адеп-ахлактык өңүттөн чечмелөөсүнө көлөкө түшүрүлгөнүн айтуу менен баштады. Таухид ишениминин адеп-ахлактык чечмелөөсү Алланы таанып-билүү дегенди билдирген Марифетуллах илимине негизделиши керектигин жана мунун Аллахтын эң сонун ысымдарына негизделиши мүмкүн экенин айтты.

Проф. док. Хасан Айык бул темага байланыштуу Газалинин китебинен мисалдарды келтирип, Аллахтын эң сонун ысымдарына негизделген тавхидтин чечмеленишин улантты.

Академиктер жана студенттер катышкан конференция тема боюнча суроо-жооптор менен аяктады.