2023-12-11

Түрк элдеринин тарыхында Түркстандын маанисине арналган симпозиум


5-жылы Ташкентте Түрк мамлекеттеринин уюму, Түрк география кеңеши, Өзбекстан Журналистика жана Оммавий коммуникациялар университети, Өзбекстандын Медиа Ахборати Жамоаты сыяктуу мекемелер биргелешип уюштурган “Түрк элдеринин тарыхындагы Түркстандын мааниси” аттуу эл аралык симпозиум өттү. 6-декабрда факультетибиздин профессордук-окутуучулар курамы,  доц. док. Айтмамат КАРИЕВ «Түркстандагы исламий укук системасы (Хоканд хандыгынын мисалында)» аттуу баяндамасы менен катышты. Симпозиумда Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген илимпоздор негизинен Түркстандын өткөнү, бүгүнү жана келечеги тууралуу абдан маанилүү докладдарды жасашты. Жакында жарыкка чыга турган эмгек китебин чыдамсыздык менен күтүүдө.