2023-12-13

Түркияда жаштар жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү


2023-жылдын 8-декабрындагы жума күнкү эркин трибунанын спикери Мухаммед Мукахид Өзтүрк «Түркияда жаштар жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү» аттуу баяндама жасады. Анда Түркиядагы жаштардын жашоого болгон көз карашы жана кандай көз караштары бар экени талкууланды. Түркиядагы университеттердеги билим, стипендия, жатакана жана социалдык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө «Түркия стипендиялары» программасынын мааниси баса белгиленди. Видео жана фотосүрөттөр менен коштолгон презентация чоң кызыгууну жаратты. Программанын соңунда М.Өзтүрккө ыраазычылык баракчасын Дин илимдери бөлүмүнүн башчысы проф. док. Кемал Полат тааныштырды.