2023-12-25

18 - декабрь эл аралык араб тили күнү


22.12. 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк араб тили күнүнө карата теология факультетинин студенттери тарабынан чакан программа уюштурулган. Факультетибиздин араб тили мугалими Абдулбасит Криж студенттер менен жакшы даярдангандыгы байкалып турду. Бул программаны ага окутуучу Абдылбасит агай жыл сайын уюштуруп келет. Программанын жүрүшүндө студенттер ар кандай шоу көрсөтүү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүштү. Алар араб тилинин баалуулуктары менен тааныштырып, арабча ырларды окуп, түрдүү ырларды аткарышты. Теология факультетинин деканынын  проф. док. Хасан Аыйк  Абдулбасит агайгастуденттердин талантына жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.