2024-03-26

Аялдар үчүн "берекелүү Рамазан" программасы 2024 - II


Аялдар үчүн берекелүү Рамазан программасы уланууда.

Программанын экинчи жумасында 2024-жылдын 18-мартында жана 21-мартында диний темадагы сүйлөшүүлөр болду. 2024-жылдын 18-мартындагы семинардын коногу Бунира АБДИГАПАР КЫЗЫ "Адам укуктары" аттуу баяндамасы менен болду. Баяндамачы Исламдагы адам укуктарынын табиятына кеңири өңүттөн токтолуп, Куран жана Сүннөттөн мисалдарды келтирди. Семинарга жалпысынан 100гө жакын угуучу, анын ичинде университеттин бир топ студенттери катышты. Андан соң суроо-жооп болуп, активдүү катышуучуларга белектер берилди. Семинардын аягында баяндамачыга ыраазычылык баракчасы жана белек тапшырылды.

2024-жылдын 21-мартындагы семинардын конок спикери Айзат НАРИНБЕКОВА "Ислам тарыхындагы өрнөктүү аялдар" аттуу семинардын презентациясы болду. Баяндамачы өз баяндамасында Исламдагы аялзатынын ролуна токтолуп, ислам тарыхында руханий, адеп-ахлактык жана гуманитардык жагынан үлгү болгон аялдардын өмүр жолуна токтолду. Семинар актуалдуу тема болгондуктан чоң кызыгуу менен өттү. Семинардын соңунда баяндамачыга жана активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.