2024-04-24

“Эл аралык маданий суфизм “Сема” концерттери” аттуу симпозиумга катышуу


Факультетибиздин окутуучуларынын бири и.о. доц. док. Айтмамат Кариев 2024-жылдын 27-28-мартында Алжирде (Лагхуат) өткөн “Эл аралык маданий суфизм “Сема” концерттери” аттуу симпозиумга катышты. Симпозиумга арабча “التصوف و التفقه عند الإمام السرخسي” деген баяндамасы менен катышкан Кариевдин, негизинен, Имам Сарахсинин фикх жана суфизм түшүнүгүнө, ислам илиминин бүтүндүгүнө токтолгон кыскача билдирүүсү жарыяланды. Андан соң Алжир Улуттук телекөрсөтүүсүнө маек куруп, телеберүүдө Кыргызстан, Манас университети, теология факультети жана анын бөлүмдөрү тууралуу жалпы маалымат берип, университетибиздин атын Африкада жаңыртты.