Дүйшөмбү күнү, 2024-жылдын 2-сентябрында, КТМУ Теология факультетинин Дин илимдеринин кафедрасынын илимий ассистенти Жазгүл ЖОЛАЛИЕВА, проф. док. Режаи ДОГАНдын жетекчилигинде «Теология факультеттери окутуучулардын пикири боюнча» деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Ал докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, Манас университетинин теология факультетинин биринчи доктору болду. Ал наамды алган доктор болгондуктан, 2024-жылдын 9-сентябрында ага Чапан кийүү аземи өткөрүлдү. Салтанатка диссертациянын жетекчиси, диссертация коргоо комиссиясынын мүчөлөрү жана факультеттин деканы проф. док. Хасан АЙЫК катышты. док. Жазгүл ЖОЛАЛИЕВАга мындан аркы илимий жашоосунда ийгиликтерди каалайбыз.