Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министирлигинин № 1404/1, 10.09.2024 “Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо” буйругуна ылайык, 24- сентябрь күнү Кыргыз-Түрк Манас Университети Теология факультетинин “Калем” студенттик клубу тарабынан, мамлекеттик тил майрамына арналган атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада тилчи, котормочу жана жазуучу Бакыт Джунусалиев “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу баяндама жасады. Андан соң студенттер арасында көркөм окуу, манас айтуу, макал-ылакап айтуу, кыргыз бийи, комуз күүсү, кахут өңдүү билим таймашы өткөзүлүп, студенттердин жаңы окуу жылындагы патриоттуулук сезимдери ойготулуп, мотивациялык дем-күч берилди. Акырында, катышуучуларга кыргыздын каймак жыттанган, каттама коюлуп боорсок чачылган, ажайып дасторконунан даам сыздырылды.