24-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Кыргызстандагы дин таануу жана диний билим берүүнүн тажрыйбасы” аталышында тегерек стол өткөрдү. Бул жыйынга КТМУ Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Уланбек Калмурза уулу "Теологиялык билим берүүнүн тажрыйбасы катары Кыргыз-Түрк "Манас" университети Теология факультетинин модели, артыкчылыктары жана көйгөйлөрү" деген демада доклад окуду. Доклада КТМУ Теология факультетинин өзгөчөлүктөрү, бөлүмдөрү, магистратура жана докторантура окуу мүмкүнчүлүктөрү, факультеттин илимий журналы, факультети тарабынан кыргызча жазылган диний окуу китептери жана көйгөйлөр туурасында кеп кылды.