2024-10-08

"БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ИСЛАМ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ: ӨТКӨН ЧАК ЖАНА БҮГҮНКҮ КҮН" аттуу эл аралык конференция


03-октябрь күнү Ташкенттеги Өзбекстан Ислам Академиясы жана Исламдын тарыхын, көркөм өнөрүн жана маданиятын изилдөө борбору (IRCICA) менен бирге уюштурган "БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ИСЛАМ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ: ӨТКӨН ЧАК ЖАНА БҮГҮНКҮ КҮН" деген аталыштагы V эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Аталган конференцияга КТМУ Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Уланбек Калмурза уулу “Хорезм фикх мектеби жана өнүгүү факторлору” деген доклад менен катышты.