Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинин “Калем” студенттик клубу тарабынан, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында, университетибиздин түзгөн келишимдеринин алкагында, өткөн жылдары чет элде окуп келген студенттерибизден, башка студенттерибизге стимул болушу үчүн семинар өтүп берүү иш-чарасы уюштурулду. Казакстан Нур-Мубарак университетинин Ислам таануу бөлүмүндө окуп келген Ырысбүбү Бадирова, Анкара университетинин Теология факультетинде билим алып келген Алима Бакытбек кызы, Карабүк университетинин Теология факультетинде окуп келген Жаркынай Сейитбек кызы сөзгө чыгышты. Аты аталган университеттерде окуп келген студенттерибиз, учакка олтургандан тартып кайтып келгенге чейинки илимий жана маданий жааттагы тажырыйбаларын студенттер менен тең бөлүшүштү. Муну менен чогуу, кыскасын айтканда, мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу студенттин өз колунда экенине токтолушту. Суроо-жооп иретиндеги семинардын аягында, сөзгө чыккандарга деканат тарабынан, атайын сертификаттар ыйгарылды.