2024-11-13
Кош келдиң даярдоо курсу программасы
Теология факультетинин Даярдоо курсунун студенттери үчүн 2024-жылдын 12-ноябрь шейшемби күнү саат 15.30да “Биздин факультетке кош келиңиздер” программасы уюштурулду. Программа факультеттин деканы, академиялык жана административдик кызматкерлердин катышуусунда Имам Матуриди залында өттү.
Программа Куран окуу менен башталды. Андан соң КТМУнун теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык жана Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы доц. док. Наил Карагөз даярдоо курсунун студенттерине кайрылып, студент болуунун, факультеттин бардык иш-чараларына активдүү катышуунун жана алардын билим алуу жолунда ийгиликтүү болуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз сүйлөштү.
Андан соң КТМУнун теология факультетинин 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалган мүмкүнчүлүктөр, долбоорлор, ар кандай колдоолор жана факультеттин көз карашы камтылган жарнамалык видеоролик көрүлүп, викторина өткөрүлдү жана ырлар окулду. Программанын аягында бардык студенттерге түрдүү тамактар берилди.