2024-11-18
Ахли Рай жана Ахли Хадис Менталитетинин Анализи
Ахли Рай жана Ахли Хадис Менталитетинин Анализи
Бейшемби күнү, 2024-жылдын 14-ноябрында, саат 15:00дө КТМУ Теология факультетинде проф. док. Хасан Айык агай "Ахли Рай жана Ахли Хадистердин Менталитетинин Анализи" деген темада семинар өткөрдү. Окумуштуулар үчүн өткөрүлгөн бул семинарда Ахли Рай жана Ахли Хадис мазхабдары, алардын динди түшүнүү жана чечмелөө жолдору Ислам философторунун акыл философияларына ылайык талдоого алынды.
Бул өңүттө дин ээлери динге түшүндүрмөлөрдү акылга таянып, сезимден алыс кылып, универсалдуу түшүнүктөрдү жаратуу менен жасагандыгы мисалдар менен түшүндүрүлдү.
Ахли хадисти диний чечмелөө универсалдуу түшүнүктөрдү эске алган акыл алкагында эмес, жеке маалыматтарга таянып, фантазия чегинде экени мисалдар менен түшүндүрүлдү.
Бир саатка созулган семинар суроо-жооп менен аяктады.